1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

223

“БИЛГИГЕ” КАТЫШКАН ЖАМУНУН БИЛГИЧТЕРИ

Кыргыз Республикасынын улуттук каналы жана КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясы биргеликте, “Китеп байлык издегенин табышсын, студенттер билим менен жарышсын”, - аттуу КРнын Президентинин колдоосу менен өлкөбүздө биринчи жолу республикалык байге фонду 1 млн сомдук жогорку окуу жайлар арасында "Билги" билим таймашынын 1-айлампасы болуп өттү. Бул интеллектуалдык таймашка өлкөбуздөн 22 жогорку окуу жайдарынын студенттери катышты. Чучу кулак тартуунун натыйжасында С.Нааматов атындагы НМУ менен Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун таймашты. Натыйжада НМУнун “Жалын жаш” тобу -1,5 упай,  ЖАМУнун “Кут билим” тобу  5 упай топтоп,  сентябрь айында өткөрүлүүчү 2-айлампага жолдомо алды. Бардык топтордун беттешинен кийин, жобо боюнча 16 топ калды.  ЖАМУнун “Кут билим” тобу  сентябрь айында болуучу 2-айлампада Жусуп Баласагын атындагы КУУнун “Баласагын” тобу менен беттешери белгилүү болду.

Топту даярдоодо жана жетектеп алып барган кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага  окутуучусу  А.Шерипбаев, баалуу кеп-кеңештерин берген  кыргыз тили жана адабияты  кафедрасынын башчысы, профессор И.Абдувалиев, кафедранын доценттери А.Оморов, Г.Бакирова, тарых кафедрасынын доценти К.Халматовдор зор эмгек жасашты.

 “Кут билим” тобунун курамы:

1. Сапарбаева Үпөл - Кт-1-21 тайпасынын студенти

2. Карыпбаева Тансулуу - Кт-1-21 тайпасынын студенти

3. Жалалова Чынаргүл - Кт-1-21 тайпасынын студенти

4. Сапарова Эркинай - Кт-1-22 тайпасынын студенти

5. Махаммадкосим к Асия - Кт-1-22 тайпасынын студенти.

 Студенттердин республикалык “Билги” улуттук билим таймашынын  тандоо турунун (1-айлампа) шарты жөнүндө айтсак:

Тандоо туру 4 баскычтан турат:

1-баскыч: “АВТОРЛОР” – мында кыргыз адабиятындагы акын-жазуучулар жана алардын чыгармалары  тууралуу ар бир топко 5тен 10 суроо берилет. Бир туура жооп бир упайга ээ. Суроого жооп берүү үчүн ойлонуу убактысы 15 секунддан ашпоого тийиш.

2-баскыч: “КААРМАНДАР” – мында чыгармалардагы каармандар тууралуу эки топко 2ден 4 суроо берилет. Бир туура жооп бир упайга ээ.

3-баскыч: “ЭҢ АЛГАЧКЫ” – мында маданият, искусство, илим-билим, тарых боюнча эки топко орток 10 суроо берилет.

4-баскыч: “ТИЛ БИЛГИ” - мында ар бир топко кыргыз

тилине тиешелүү үчтөн 6 суроо  берилет. Бир туура жооп бир упайга ээ.  

ü  Фразеологизм сөздөрдү чечмелөө;

ü  Макал-лакаптарды улап айтуу;

ü  Неологизм сөздөрдүн маанисин түшүндүрүү;

Сынактын шарты боюнча кайсыл топ биринчилерден болуп коңгуроо баскычын басса, ошол топ  жооп берүү укугуна ээ. Бир туура жооп 1,5 упай менен бааланат. Эгер биринчи коңгуроо каккан топтун  берген жообу туура эмес болуп калса, буга чейин топтогон упайларынан 1,5 упай кемийт. Биринчи жооп берген топтун жообу туура эмес болуп калса, экинчи топ коңгуроо басып жооп берүү укугуна ээ болот.  Бул учурда бир туура жооп үчүн  1 упай берилет. Туура эмес жооп үчүн 1 упай кемийт. Ошол эле учурда 2-топ суроого жооп берүүдөн баш тарса да болот.

Дагы бир өзгөчөлүгү  “Орток 10 суроо”  бөлүгүндө топтун бир оюнчусу ойносо болот. Мындай шартта  бир туура жооп үчүн  2 упай берилет. Ошол эле учурда бир туура эмес жооп үчүн 2 упай кемийт. 1-оюнчунун жообу туура эмес болуп калса, каршылаш топтогу 2-оюнчу же топ жооп берүү укугуна ээ. Бул учурда эгер жалгыз оюнчу ойносо бир туура жооп үчүн 1,5 упай берилет. Туура эмес жооп үчүн 1,5 упай кемийт. Ал эми топ менен жооп берсе, бир туура жооп үчүн 1 упай кошулуп, туура эмес жооп үчүн 1 упай кемийт. Ошол эле учурда 2-топ  суроого жооп берүүдөн баш тарса да болот. 

            Уюштуруучулар жана катышуучулар, топту жетектеп барган окутуучуларга жана студенттерге моралдык жана  каржылык тарабынан колдоо көрсөткөн университеттин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиргендигин айтты Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д.Доранова.