1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

17

ЖАМУда улуттук каада-салттын адабиятка, маданиятка жана мамлекеттик тилге тийгизген таасири тууралуу конок лекция өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Улуттук каада-салттын адабиятка, маданиятка жана мамлекеттик тилге тийгизген таасири» аттуу конок лекция өткөрүлдү.

Иш-чаранын коногу Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облусу боюнча төрайымы Нуркан Койчуманова болду. Ал студенттер менен жолугушууда улуттук каада-салттардын, үрп-адаттардын, маданияттын, адабияттын жана мамлекеттик тилдин улутту сактап, анын өзгөчөлүгүн таанытуудагы орду тууралуу кеңири баяндады. Ошондой эле бул баалуулуктардын өз ара байланышы, муундан муунга өтүшү жана коомдун руханий өнүгүүсүндөгү мааниси белгиленди.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер улуттук баалуулуктар, кыргыз адабияты жана каада-салттар боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, жооп алышты. Иш-чарага активдүү катышкан студенттерге Нуркан Койчуманованын автордук ырлары жарыяланган журналдар белекке берилди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгына ылайык уюштурулду. Студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды терең таанып-билүүгө, каада-салттарды урматтоого жана сактоого үндөө максатында Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.