1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

53

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча  көркөм окуу   конкурсу өткөрүлдү

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №279 Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндөгү  Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июнундагы №460-т иш-чаралардын планына, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 6-октябрындагы №2875 катына ылайык   көрүнүктүү жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  Илим бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаранын планына ылайык, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окуу конкурсунда калыстар тобунун төрагасы ф.и.д,профессор И.Абдувалиев,  калыстар тобунун мүчөлөрү Филология инстиутутунун ага окутуучусу А.Шерипбаев,  п.и.к, Б.М.Турдубаева жана катчы Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ү.Т.Кайкиевалар дайындалган.

   Жалпысынан алганда,  көркөм окуу боюнча  конкурска ЖАМУнун  бардык институт, колледждеринен жалпысынын  33 студент катышты. Студенттер  залкар жазуучу Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен Толгонайдын монологун, ”Майсалбектин катын”, Кыямат” романынан Акбаранын көз жашын, ”Тоолор кулаганда” романынан Арсендин, ”Ак кеме” повестинен Баланын монологунан үзүндүлөрдү аткарышты. Ошондой эле залкар жазуучуга арналган акындардын ырларынан жана өздөрү жазган  автордук ырларды окуган студенттер болду.

    Чынында жазуучунун чыгармаларын чын дилден сүйүп окуган мыкты студенттер тандалып келгендиктен, калыстар тобунун мүчөлөрү ар бир катышуучунун аткарган монологдорун, көркөм окууларын жана автордук ырларынын мазмунуна  кылдаттык менен көңүл бурушуп,   жыйынтыгын туура чыгарууга аракет жасашты. Ар бир институт,колледжден келген катышуучу студенттенр өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

   Бардык конкурстар жыйынтыкталганда, көркөм окуу  боюнча катышуучулар да ЖАМУнун Ардак грамоталары менен сыйланышат.