1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

10

Окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгүн артыруунун натыйжалуу ыкмалары

Башталгыч класс мугалими адистигинин педагогикалык практикасынын алкагында жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.  Педагогикалык практиканын жүрүшүндө болочок башталгыч класс мугалимдеринин кесиптик компетент түүлүгүн калыптандыруу, заманбап окутуу усулдарын өздөштүрүү жана сабак учурунда окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу максатында практика жетекчилери Исираилова Н. жана Айдарова Н. тарабынан “Окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгүн арттыруунун натыйжалуу ыкмалары”- деген темада жумуш ордунда окутуу уюштурулду. Окутуунун жүрүшүндө башталгыч класстарда окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун ойготуу,  өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү,  чыгармачылык жөндөмүн калыптандыруу жана билим алуу процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.  Практика жетекчилери окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык окутуунун интерактивдүү ыкмаларын, оюн технологияларын, жупта жана топто иштөө формаларын, суроо-жооп, мээ чабуулу, дидактикалык оюндар жана чыгармачылык тапшырмаларды сабакта натыйжалуу пайдалануунун жолдорун түшүндүрүштү.  Ошондой эле теориялык билимди практикалык иш менен айкалыштыруу максатында практиканттарга сабактын айрым этаптарын уюштуруу, окуучуларды окуу ишмердүүлүгүнө тартуу, тапшырмаларды деңгээлдерине жараша берүү жана кайтарым байланыш жүргүзүү боюнча практикалык сунуштар берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө болочок мугалимдер окуучулардын сабактагы активдүүлүгүн арттырууда мугалимдин чыгармачыл мамилеси, туура тандалган усулдар жана жагымдуу психологиялык чөйрө маанилүү экендигине ынанды. Жыйынтыгында, практиканттар башталгыч класстарда сабакты кызыктуу жана натыйжалуу уюштуруунун жаңы ыкмалары менен таанышып, аларды өз алдынча педагогикалык ишмердүүлүгүндө колдонуу боюнча тажрыйба топтошту.  

          Мындай жумуш ордунда окутуулар болочок мугалимдердин теориялык билимин тереңдетип, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана кесиптик чеберчилигин калыптандырууга өбөлгө түзөт.