1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

377

КЫРГЫЗПАТЕНТ ИННОВАЦИЯЛЫК ДЕМИЛГЕЛЕРДИ 1000 000 СОМГО ЧЕЙИН, СТАРТАПТАРДЫ 500 000 СОМГО ЧЕЙИН КАРЖЫЛООГО ДАЯР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмү тарабынан "40 райондон 40 демилге”долбоору боюнчаонлайн маалыматтык иш чара өткөрүлүп, анда кызыкдар тараптарга сынактын тартиби, уюштурулушу жана жүрүшү жөнүндөгү Жобо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Иш чара Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) зуум платформасында уюштурулуп, профессордук-окутуучулук курам, магистранттар, студенттер жана факультеттердин, колледждердин стартап командалары катышышты. Кыргызпатенттин өкүлчүлүгү - Кыргызпатент «40 райондон 40 демилге”долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №411 токтомун ишке ашырып келет жана жобого ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын «40 райондон 40 демилге”долбоору боюнча 8 (сегизге) чейин инновациялык долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды каржылоого каражаттар каралат. Тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1000 000 (бир миллион)  сомго чейин, стартаптарды ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаты берилет жана жобого ылайык, долбоорлор 5 (беш) айдын ичинде каралат, тандоо 3 этап менен өткөрүлөт ошондой эле Кыргызпатент 2024-жылдын 1-февралынан тартып 30-апрелине чейин 2024-жылга өтүнмөлөрдү кабыл алат деген маалыматын берди. “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоого катышууга өтүнмөлөрдү толтуруу эрежелери менен да жакындан тааныштырылды. Иш чаранын соңунда катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Алымкулов Б.Н.