1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

39

ЖАМУ менен «ЖАЛАЛ-АБАД АЙЫЛДЫК КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТЫ» КООМДУК ФОНДУ ОРТОСУНДА КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨГҮ МЕМОРАНДУМ ТҮЗҮЛДҮ

ЖАМУнун ректору Усенов Кенешбек Жумабекович жана «Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы» Коомдук фондунун директору Жойболотов Сыргабек Токтосунович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ара урматтоо, өнөктөштүк, ачыктык жана ак ниеттүү кызматташуу принциптерин жетекчиликке алып, кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу Меморандумду түзүштү.                                                                                         Меморандумдун максаты - Жалал-Абад облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, калктын иш менен камсыз болушун жана кирешесин жогорулатуу, адамдык потенциалды жана айылдык аймактарды өнүктүрүү максатында Тараптардын узак мөөнөттүү кызматташуусун өнүктүрүү болуп саналат. Кызматташуунун алкагында өзгөчө көңүл: айыл чарбасын жана агросервистик кызматтарды өнүктүрүүгө; айыл калкынын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга; иш менен камсыз болууну, жана ишкердикти өнүктүрүүгө; айылдык жаштарды жана аялдарды колдоого; практикага багытталган кесиптик окутууну өнүктүрүүгө; заманбап жана ресурс үнөмдөөчү агротехнологияларды киргизүүгө; айылдык райондордо адамдык потенциалды өнүктүрүүгө; калктын билим берүү жана консультациялык кызматтарга жетүүсүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө бурулду. Сыргабек Токтосунович өз сөзүндө: Швейцариялык “Чебер” долбоорунун колдоосу менен «АгроБилим Кыргызстан» окуу-практикалык жана санариптик борборун түзүү жана өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында айыл чарбасынын жана агросервистин талап кылынган багыттары боюнча кеминде 375 агросервистик адисти окутуу пландаштырылууда. Долбоордун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунан ТоТ (Training of Trainers) программалары аркылуу кеминде 80 тренерди даярдоо каралган деген оюн билдирди.      Кызматташуунун алкагында тараптар «АгроБилим Кыргызстан» окуу-практикалык жана санариптик борборун агросервистик адистерди практикалык даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу аянтчасы катары өнүктүрүүнү колдошот. Борбордун билим берүү программалары талап кылынган багыттар боюнча практикалык даярдоону карайт, анын ичинде: бал өндүрүүнүн негиздери; үй жаныбарларын дарылоо; агроветеринардык дарыканалардын сатуучусу; жана кеңеш берүү; мөмөлүү бак-дарактарды коргоо жана бутоо; тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана тейлөө. Бул багыттар айыл калкынын муктаждыктарын жана агросервистик кызматтарга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлгөн. Окутуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Борбор ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамын жана айыл чарбага кызыккан студенттерин андан сырткары Жалал-Абад облусунун райондорунда жана айылдык калктуу конуштарында түздөн-түз мобилдик курстарды өткөрөт.                                                                              Ушул эле күнү окуу жай менен "Жашыл инновациялар борбору" коомдук фондунун ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюулуп, фонддун  аткаруучу директору Мурзакулов Мирлан Равшанбекович: келишимдин алкагында  академиялык курамдын кесиптик жактан өнүгүүсүнө, борбордо студенттердин практикасын уюштурууга, адистерди даярдоого көмөктөшүүгө, стартапчылар, студент-ыктыярчылар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелери колго алынаарын белгиледи. Иш чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун «Ардактуу профессору», Кытай айыл чарба илимдер академиясынын Шаар айыл чарба институтунун профессору, Синьцзяндын функционалдык айыл чарбасынын биоинтеллектуалдык өндүрүшү боюнча Ачкыч лабораториясынын директору Жэнь Маочжи сөз сүйлөп: окумуштуу космостук айыл чарба, селендин биологиясы жана айыл чарба өсүмдүктөрүн ооруулардан экологиялык жол менен коргоо багытында изилдөө жүргүзүп, ойлоп табуулары жөнүндө маалымат берди жана кызматташтыкта илимий иштерди алып барууга дайым даяр экендигин баса белгилеп өттү – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов.