1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

314

"СИДБОЛ ТОПЧОЛОРУН ДАЯРДООНУН ЖАНА ТАРАТУУНУН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН СИСТЕМАСЫ» АТТУУ СТАРТАП-ДОЛБООРУНУН РАСМИЙ АЧЫЛЫШ АЗЕМИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 токтому менен бекитилген «40 райондон 40 демилге» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан жарыяланган сынакта "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин" ЭС-1-23 тайпасынын студенти Төрөмаматов Оомат Азаматовичтин «Сидбол топчолорун даярдоонун жана таратуунун автоматташтырылган системасы» аттуу стартап-долбоору 2025-жылы тандалып алынган.  Долбоордун алкагында топурак, чөп жана өсүмдүктөрдүн уруктарынан турган «сидболл» экотопчолорун автоматтык түрдө даярдоочу атайын жабдуу иштелип чыккан. Долбоор республика боюнча келип түшкөн 209 арыздын ичинен мыкты деп табылган 8 долбоордун катарына кирген. Ал эми долбоорду ишке ашыруу максатында Мамлекеттик фонд тарабынан 423 180 (төрт жүз жыйырма үч миң жүз сексен) сом өлчөмүндө финансылык каражат бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө Оомат Торомаматов тарабынан бөлүнгөн финансылык каражаттар максаттуу багытта толук өздөштүрүлүп, долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп келүүдө. Манас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана инновациялык демилгелерди илгерилетүүгө салым кошкон аталган долбоордун расмий ачылыш аземине Манас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Облустук администрациянын инвестиция бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкуловдор катышышты.