1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

347

САНАРИП АЙЫМДАР  ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Санарип айымдар долбоору 2022-жылдын 15-сентябрынан 2023-жылдын 15-сентябрына чейин бир жыл аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырылды. Долбоордун алкагында кыз-келиндер IT жана санарип жөндөмдөрүн үйрөнүштү. Долбоордун жүрүшүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 15-34 жашка чейинки кыз-келиндердин арасынан 150 катышуучу тандалып алынып, IT жана санарип багытындагы кесиптерге акысыз окутулду. Максаты: Кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидердик жана ишкердик жөндөмдөрүн арттыруу эсебинен экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу ошондой эле айылда жумушсуз, үйдө олтурган, аз камсыз болгон жана ЛОВЗ үй-бүлөлөрдүн кыздарын окутуп, жумуш менен камсыз кылуу. Долбоорго каттоо жүрүп, атайын толтурулган 1500дөн ашуун өтүнмөлөрдүн ичинен Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан 17 студентибиз тандалып алынып, долбоордун алкагында IT жана санарип жөндөмдөрүн үйрөнүү боюнча офлайн жана онлайн форматтагы курстарга катышышты. Атап айтсак, студенттерибизге Программалоо (Front End тузуучу ) 6 ай; UX/UL дизайнер-2-3 ай; Конструкторлор аркылуу сайт жасоо жана маркетплейстер (Tilda, Wildberries, Photo skils) - 1 ай; Графикалык дизайнер жана онлайн маркетинг (Photoshop, Corel Draw, Illustrator программалары аркылуу монтаж) -2-3 ай; SMM жана копирайтинг (Социалдык тармактарда реклама жүргүзүү, текст терүү) - 2-3 ай; Мобилография (Телефондо фото/видео тартып, монтаждоо) - 10 күн жана Мotion дизайн + анимация (кыска видео монтаж, анимация) - 2 айлык курстары толук акысыз окутулду. Жыйынтыгында курсту аяктап, сертификатка ээ болгон студенттер өздөрүнүн идеялары менен сынакка катышып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде Мобилография (Телефондо фото/видео тартып, монтаждоо) багыты боюнча билим алган Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин информатика жана эсептөө техникасы багытынын ИЭТ-1-22 тайпасынын 2-курсунун студенти Мирбек кызы Мадина өзүнүн “MALINA кондитердик студиясы” стартабы менен ийгиликке жетип, Apple iPhone 11  (баасы 50 000 сом) үлгүдөгү смартфон жана E-Image GH06 761AT үлгүдөгү штативге (баасы 2000 сом) ээ болду. Мындан ары студентибиз  телефондо фото/видео тартып, монтаждоо иштери боюнча буюртмаларды алып, элге кызмат көрсөтө алат – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов.