1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

161

"КИЙИМ ДИЗАЙНЫНЫН КОМПОЗИЦИЯСЫ ЖАНА КОНСТРУКЦИЯСЫ: БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АРКЫЛУУ КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ”

1923-жылдан бери өлкөбүздүн билим берүү тармагына опол тоодой салым кошуп келе жаткан, бүгүнкү күндө миңдеген студенттерге сапаттуу билим берип, өлкөгө мыкты адистерди даярдоодо орду чоң, Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири, кадыр-барктуу жана көп тармактуу жогорку окуу жайлардын бири, Манас шаарында, өлкөнүн кооз жана берекелүү аймагында жайгашып, билим берүү, илим жана өндүрүштү айкалыштырган заманбап 4.0 программасын ишке ашырып жаткан “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексине Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында, Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулук курамы ЖАМУнун тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы адистигинин студенттерине конок лекцияларды өтүү үчүн келишти. Андан сырткары Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) болушуп, биздин жаш стартапчы студенттерибизге өздөрүнүн бай тажрыйбаларын бөлүшүп, кеп кеңештерин айтып өтүштү. Алар: З.М. Батырова - “Дизайнердик эскиз боюнча кийимдин моделдерин композициясы жана конструкциясы”; Абдырайьм кызы Жанара - “Костюмдун структурасы”; Калысбек кызы Айжамал - “Текстилдик булалар, кездеме жаралуу”; Г.М. Жоробековалар - “Текстиль калдыктарынан брошка жана асма жасалгаларды жасоо” тематикалары боюнча баяндамаларын жасашты. Иш чаранын негизги максаты, студенттердин кесипке кызыгуусун арттыруу, өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу. Демилгечилер катары Жалал-Абад колледжинин Тигүү буюмдарын коснтрукциялоо ПЦКсынын башчысы - Мамажунусова Нуркан Сатыбалдиевна, инженер-конструктор-технолог - Мырзабаева Күмүшай Абдувалиевна жана инженер-технолог-конструктор - Наргиза Алиевна Султановалар биздин студенттерибиздин бул багытта аткарган жумуштары жана жеңиштери жөнүндө айтып беришти. Баса белгилеп кетүүчү нерсе Ош мамлекеттик университетинен окутуучулар менен бирге студенттер да кошо келишип, кесипке кызыгуусун арттыруу жана өркүндөтүү максатында окуу жайга экскурсия уюштурулду. Келген конокторго Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) 2022-2026-ж.ж. аралыгында аткарылган алгылыктуу иштер, студенттик стартап сынагынын жеңүүчүлөрү жана алдыда аткарыла турган жумуштар тууралуу кеңири маалыматтар берилди – деп билдирди борбор жетекчиси Б.Н.Алымкулов