1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

306

PISA ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨСҮНӨ КАТЫШУУГА ДАЯРДЫК

Б.Осмонов атындагы ЖАМУда 2025-жылы Кыргызстан өтө турган окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программасына (Programme for International Student Assessment) катышууга даярдык иштери боюнча семинар болуп өттү. Иш чараны окуу иштери боюнча проректор, техника илимдеринин доктору, профессор Алибаев Атабек Пахырович ачып, бул багытта окуу жайда атайын жумушчу топ түзүлүп, иш пландар бекитилип, тиешелүү профессордук-окутуучулук курам тарабынан тынымсыз иштер алып барылып жаткандыгын, ошондой эле областтык билим берүү усулдук борбору менен биргеликте мындай окуу-семинарлар дагы өтүлөөрүн белгилеп өттү. Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору Токтосунов Акылбек Адешович өз сөзүндө, PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, окуучулар азыркы коомдо толук кандуу жашоого, адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун, социалдык мамиленин жана башка ушул сыяктуу маселелерди чечүү үчүн кандай билим жана билгичтиктер керектелээри зарыл экендигине токтолду. Бул программа Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылат. Ар бир жылы PISA изилдөөсүн жүргүзгөндө, сабаттуулуктун бир түрүнө: окурмандык, математикалык же табигый илимдерге басым жасалат. Ошондой эле акыркы жылдары кошумча социалдык багыттагы көндүмдөр, мисалы, маселе чечүү сыяктуу көндүмдөр, компьютердик сабаттуулук, ошондой эле чет тилин билүү билгичтиги да текшерилип жатат. 2025-жылы Кыргызстан PISA изилдөөсүнө катышканы турат. Бул иш-чараны утурлай областыбыздагы мугалимдер үчүн методикалык колдоо көрсөтүү багытында бизге жакындан жардам берип келе жаткан окуу жайдын жетекчилигине жана профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылыгын билдирди. Семинардын жүрүшүндө ЖАМУнун окуу-бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Үметов Таалайбек Эгембердиевич, физика жана информатика кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Нусупова Роза Сарыпбековналар сөзгө чыгып, PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү, билими бар же жок экенин баалоону максат кылаарын айтып өтүштү. PISAга катышууга алдын ала даярдыктар боюнча областтык жана шаардык билим берүү мекеме иш каналарынын жооптуу кызматкерлеринин маалыматтары угулду. Жыйынтыгында ЖАМУ менен областтык билим берүү усулдук борбору биргеликте ушул маселе боюнча Координациялык кеңешме түзүлсө иш алдыга жылаары тууралуу сөз айтылды.