- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
СТАРТАПТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмү жана Ош мамлекеттик университети тарабынан стартаптарды өнүктүрүү максатында Ош шаарында Билим берүү, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын бизнес кызматташтыгы - жаштардын долбоорлорун ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү аталышта семинар болуп өттү. Максаты: Бизнес-инкубаторлордун ишин активдештирүү аркылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн фактору катары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, академиялык жана бизнес коомчулуктардын демилгелерин интеграциялоо; стартап долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү жана билимди, мыкты тажрыйбаларды, инновацияларды жана технологияларды үзгүлтүксүз бөлүшүү үчүн платформаларды түзүү. Иш чараны Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ачып, семинардын жүрүшүнө ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой эле Кыргызпатентттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Жантаев Чынгыз Гульджигитович жана Ош шаарынын мэриясынын жаштары иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбековдор катышышып, окуу-жайлардын бизнес-инкубаторлорунун иштерине ийгиликтерди каалоо менен өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошосуздар деп билдирип өтүштү. Семинарга Ош мамлекеттик универститетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош технологиялык университетинин, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун бизнес-инкубаторлорунун жетекчилери жана адистери катышышты. Андан сырткары өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын бизнес-инкубаторлорунун өкүлдөрү да зуум программасы аркылуу онлайн форматта катышышты. Белгилеп өтсөк, бизнес-инкубаторлордун жетекчилери, чакырылган мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана бизнес коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда аткарылган жумуштар боюнча маалыматтарын беришти. Соңунда Кыргызпатент жана Ош мамлекеттик университети тарабынан жарыяланган стартап сынактын жобосу талкууланып, бекитүүгө сунуштар берилди - деп билдирди ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов.