1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

241

ЖАМУда ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР: СТУДЕНТТИК АВТОУНАА ТҮЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИ

Студенттер арасында инновациялык технологияларды иштеп чыгууга багытталган илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өнүктүрүү бүгүнкү билим берүү системасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Ушул багытта Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ПОВТАСк-5-23 тайпасынын студенти Кимсанбаев Алихан Нурланбекович өзгөчө демилге көтөрүп, окуу жай тарыхында алгачкы жолу өз алдынча автоунаа чыгаруу стартап долбоорун сунуштады. Долбоордун максаты – жергиликтүү шартка ылайык, үнөмдүү, экологиялык коопсуз жана техникалык жактан жеткиликтүү автоунаа моделин иштеп чыгуу.

Аталган демилге студенттердин практикалык билимин тереңдетип, инженердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана заманбап технологияларды өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул боюнча университеттин ректору, профессор К.Ж. Усенов менен жолугушуу уюштурулуп, стартап кеңири талкууланды. Жыйынтыгында долбоордун актуалдуулугу жана практикалык мааниси жогору бааланып, университет тарабынан колдоого алынары белгиленди.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдар жана техникалык жабдууларды камсыздоо маселеси каралып, 280 000 сом өлчөмүндөгү каржылык смета бекитилди. Демилге ЖАМУнун илимий-техникалык кеңешмесинде бир добуштан жактырылды.

Илимий жетекчи Аскаров Жолон Мухтарович белгилегендей, бул долбоор келечекте ири инновациялык иштердин башаты болушу мүмкүн. Ал эми Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н. Алымкулов мындай демилгелер студенттердин илимге кызыгуусун арттырып, университеттин илимий потенциалын күчөтөрүн баса белгиледи.