1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

ЖАМУнун «Студенттик стартап2025» пилоттук программасынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

«Студенттик стартап 2025» сынагы, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Студенттик стартап» пилоттук программасы тууралуу токтомунун негизинде өткөрүлдү. Сынактын максаты – жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо жана жогорку окуу жайларда инновациялык бизнес-идеяларды өнүктүрүүгө багытталган. Сынак, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулду. Айтсак, 2025-жылдын 12-майынан 12-августуна чейин жогорку окуу жайлардын студенттеринен өтүнмөлөр кабыл алынып, жалпы 72 стартап-долбоор сунушталган. Анын ичинен ЖАМУдан 15 стартап/долбоор жөнөтүлгөн. Түзүлгөн эксперттик комиссиянын жыйынтыгында мыкты деп аталган 14 долбоор финалга чыгып, конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынан 10 студенттик стартап-долбоор гранттык колдоого ээ болду. «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинен» эки стартап-долбоор; Өзүн-өзү камсыз кылуучу суу-гравитациялык автономдуу микро ГЭС (Джумабаева Х.Р.-жетекчиси Нышанов Б.М) жана Карылар үчүн арт-терапия (Акунова Ф, Жолдошова Г., Батыралиева А.,-жетекчиси Карим кызы Лунара) жеңүүчү деп табылып, мамлекеттик гранттарды утуп алууга жетишишти.