1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

231

Конрад Аденауэр фондунун регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү ЖАМУда

2026-жылдын 3-4-5-мартында Манас шаарында инновациялык экосистеманы өнүктүрүүгө, катышуучулар арасында тажрыйба алмашууга, ошондой эле стартаптарды жана ишкердикти колдоо маселелерин талкуулоого багытталган жаш ишкерлер жана стартапчылар үчүн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен инновациялар жана стартап-экосистеманы өнүктүрүү жаатындагы эки эксперттин катышуусунда жогорку деңгээлде семинар болуп өттү. Иш-чара Борбордук Азиядагы инновациялык долбоорлорду жана ишкердик демилгелерди колдоого активдүү катышып келе жаткан Конрад Аденауэр фонду тарабынан колдоого алынып, аталган семинарга Бишкек, Ош жана Манас шаарларынан Конрад Аденауэр фондунун стипендияларын алган студенттер катышышты. Иш чаранын максаты тажрыйба жана билим алмашуу үчүн кошумча платформаларды түзүү болуп саналат. Ошондой эле долбоорлорду жазуу боюнча, "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин" профессордук – окутуучулук курамы үчүн бир күндүк, ал эми студенттери үчүн эки күндүк окуу семинар уюштурулуп, жыйынтыгында атайын сертификаттар тапшырылды. Баса белгилеп кетсек, ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун 530500 Юриспруденция багытынын Юк-1-23 тайпасынын студенти, стартапчы Калыкбаева Айгерим Калыкбаевна Конрад Аденауэр атындагы Фонддун Борбордук Азиядагы стипендиясы үчүн сынакты ийгиликтүү аяктап, «Sur-Place» стипедиясына ээ болуп, ай сайын 150 евро өлчөмүндө стипендия алууга жетишти. Стартап-экосистеманы өнүктүрүү боюнча туруктуу өнөктөшү Конрад Аденауэр фондунун регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссен мырза баштаган өкүлдөр жана фонддун стипендианттары ЖАМУнун ректору, техн.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин кабыл алуусунда болушуп, жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан кызыктырган суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Өлкөбүздүн түрдүү аймактарынан келген студенттерге жана фонддун өкүлдөрүнө экскурсия уюштурулуп, окуу жайыбыздын жетишкен ийгиликтери жөнүндө кеңири маалыматтар берилди – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов.