1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

77

БИЗНЕС-ИНКУБАТОР - ЖАШТАР ҮЧҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР АЯНТЧАСЫ

“Эверест” лицейинин окуучулары үчүн тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк максатта «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин» Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) “Окуучулардын кесиптик багыт алуусунда бизнес-экскурсиялардын ролу” аталышында иш чара уюштурулду. Экскурсиянын негизги максаты - окуучуларды ишкерлик жана стартап түшүнүктөрү менен тааныштыруу, STEM билим берүүнү практикалык жашоо менен байланыштыруу, ошондой эле балдардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, логикалык ойлоосун жана келечекке болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Бул экскурсия окуучулардын технология, инженерия жана бизнес багыттарына болгон кызыгуусун күчөтүп, алардын өз идеяларын эркин айтуусуна жана өнүктүрүүсүнө шарт түзөт. Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар: бизнес деген эмне экенин; ишкерлик идеялар кантип жаралат; стартаптардын мааниси; билимдин жана демилгенин келечектеги кесип тандоодогу ролун жөнөкөй жана түшүнүктүү формада билишип, андан сырткары экскурсия окуучуларды келечекке туура максат коюуга, активдүү болууга жана жаңы идеяларды жаратууга шыктандырды. Экскурсиянын программасы алдын ала түзүлүп,«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин» Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу анын ичинен: борбор эмне менен алектенет, жаштарга жана студенттерге кандай мүмкүнчүлүктөр бар, учурда иштеп жаткан реалдуу стартап долбоорлор тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ишкерлик жана стартап тууралуу жөнөкөй түшүндүрмөлөр аркылуу, бизнес деген эмне? стартап деген эмне? идеяларды кайдан жана кантип алабыз? чакан бизнес менен стартаптын кандай өзгөчөлүктөрү бар? - деген суроолорго, угуучулар тарабынан тиешелүү жооптор алынды жана бул багытта кеңири баяндама жасалды. Балдар үчүн жөнөкөй мисалдар (оюнчук, китеп, кызмат ж.б.) аркылуу аларды ишкердик чөйрөсүндө да кошумча билим алууга шыктандыруу ойлор айтылды. Ал эми интерактивдүү бөлүктө болсо,суроо-жооп, окуучулардын ойлору жана идеялары, “Эгер мен ишкер болсом…” аттуу чакан талкуу болуп, келечектеги максаттар ортого салынды. “Эверест” лицейинин мугалими Канышай Асановна жана STEM курсунун жетекчиси Жолон Мухтарович Аскаровдор экскурсия сабак боюнча жыйынтык сөз сүйлөшүп, Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун иштерине ийгиликтерди каалап,  мындан ары да бекем кызматташтыкта болоорун билдирип өтүштү. Ал эми Бизнес-инкубатордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов келечек ээлеринин окууларына ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.