1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

438

ЖАМУнун СТУДЕНТИ КОНРАД АДЕНАУЭР АТЫНДАГЫ ФОНДУНУН «SUR-PLACE» СТИПЕДИЯСЫНА ЭЭ БОЛДУ

Маалым болгондой Конрад Аденауэр Фондунун «Sur-Place» программасынын алкагында стипендияга талапкерлерди тандоо сынагы жарыяланып, окуу жайыбыздан төрт студенттин керектүү документтери жөнөтүлгөн. Айта кетсек, сынакка өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан жана анын артыкчылыктары: Кыргызстандагы Фонддун стипендиаттарынын жаңы тобу жыл бою фонддун Борбордук Азиядагы эң маанилүү жана түрдүү иш-чараларына катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болот жана эң негизгиси Фонддун стипендиясын алат. Максаты: Конрад Аденауэр атындагы  Фондунун «Sur-Place» стипедиясы өз мекенинде таланттуу жаштарга колдоо көрсөтөт, ошону менен жаштарга өздөрүн окууга, саясий жана коомдук турмушка катышууга чооң мүмкүнчүлүк берет. Конкурс эки этаптан туруп, жыйынтыгында ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун 530500 Юриспруденция багытынын Юк-1-23 тайпасынын студенти, стартапчы Калыкбаева Айгерим Калыкбаевна Конрад Аденауэр атындагы Фонддун Борбордук Азиядагы стипендиясы үчүн сынакты ийгиликтүү аяктап, «Sur-Place» стипедиясына  ээ болду. Андыктан активдүү студенттик турмуштун, окуудагы жакшы көрсөткүчтөрдүн жана ийгиликтүү маектешүүнүн аркасында Айгерим Калыкбаева фонддон ай сайын 150 евро өлчөмүндө стипендия алып, прогрессивдүү жаштар бирикмесинин алкагындагы конференцияларга, семинарларга жана ар кандай жолугушууларга катышат. Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссен тарабынан «Sur-Place» стипендиялык программасына катышканындыгы үчүн ыраазычылык жана фонддон учурдагы окуусун колдоо максатында стипендия ыйгарылгандыгы билдирилген атайын тастыктоо барагы жөнөтүлүп, аны ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов тапшырып, студенттер үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк экенин жана талыкпай изденүүнү, кошумча чет тилдерин үйрөнүп ар тартаптан өз билимин өркүндөтүү жана зор мээнетти талап кылаарын баса белгилеп өттү. Эскерте кетсек, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Инновациялык борбор Мамлекеттик мекемесинин директору Айдар Алымбеков жана Конрад Аденауэр Фондунун Борбордук Азия боюнча регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссен шаарыбызда Конрад Аденауэр атындагы Германиялык Фонду менен биргеликте, стартапчылар үчүн иш-чара өткөрүүнү пландаштыруу максатында окуу жайыбызда болушуп, Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) ишмердүүлүгү менен да жакындан таанышышып, кызматташып иштөө сунуштарын билдирип өтүшкөн – деп билдирди Бизнес-инкубатордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов