1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

70

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТАРТАПЧЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

"Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин" жылдын мыкты стартапчылары аныкталды. Айта кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрында ЖАМУда 60 орундуу Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор) ачылган. Үч жыл аралыгында миңдеген студенттик стартап долбоорлор иштелип чыгып, алардын ичинен мыкты аталгандары областтык, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындыра алышты. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) милдети: жаштар арасында  жаратман жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу; ишкердикке жана инновациялык ишмердүүлүккө багытталган жаштар ишкердигин колдоо инфраструктураларын түзүү жана өнүктүрүү; жаштар ишкердигин маалыматтык, билим берүү, каржылык жана мүлктүк колдоонун бирдиктүү системасын түзүү жана камсыздоо; ишкердик жүргүзүүгө жаштарды билим берүү, усулдук жана маалыматтык жактан колдоо жана жогорку/орто кесиптик билим берүү, бизнес жана өндүрүш чөйрөсүнүн ортосунда өз ара иштешүү жана социалдык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Ушул багытта студенттерге дагы да дем, күч берүү максатында ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан жыл сайын түрдүү номинациялар боюнча мыкты студенттер аныкталып, алардын ичинен быйыл Агрардык-техникалык институтунун, электр менен камсыздоо адистигинин ЭС-1-23 тайпасынын студенти Торомаматов Оомат Азаматович 2024-2025-окуу жылында шаардык, областтык, республикалык жана эл аралык деңгээлдерде өткөрүлгөн сынактарда өзүнүн өзгөчө долбоорлору менен айырмалангандыгы үчүн “Жылдын мыкты стартапери - 2025” номинациясын жеңип алып диплом менен ушул эле институттун Башкаруунун автоматташтырылган системасы адистигинин ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Арзибекова Асия Калыбековна Түрк мамлекеттеринин жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору «Bilim-örkenieti» жана Республикалык инновациялык борбор «Жаңы Казакстан» тарабынан биргелешип уюштурулган «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу эл аралык конкурстун жеңүүчүсү аталып, I даражадагы диплом менен сыйланды. Максатыбыз, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын инновациялык жана ишкердик идеяларын андан ары коммерциялаштыруу процессин уюштуруу, ошондой эле адистерди базар экономикасынын реалийлерине жана ишкердик ишмердүүлүгүнүн талаптарына даярдоо болуп саналат – деп билдирди бизнес-инкубатордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов