1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

140

"ETNO-SAYMA:САЙМА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ  БОРБОРУ” СТАРТАБЫ ДОЛБООРДУК СУНУШКА ЫЛАЙЫК КАРЖЫЛАНСЫН ДЕП ТАБЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №26 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын №6 протоколунун 3-пунктун аткаруу максатында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси тарабынан бардык жарандар үчүн (жаштары чектелбейт)өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго конкурс жарыяланган жана жеңүүчү аталган долбоорлор окуу жай тарабынан каржыланат жана жалпы фонду 1 000 000 (бир млн.) сомду түзөт деп белгиленген. Долбоордун негизги обьектиси болуп, Жалал-Абад облусунун айыл аймактары жана шаарлары. Долбоордун багыттары: Жалал-Абад облусунун айыл аймактарынын, шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө орчундуу салым кошо ала турган, негизделген, маселелер. Долбоор жеке же жарандардын тобу аркылуу, конкреттүү айыл аймак, шаар үчүн даярдалып, анык бир маселени чечүүгө багытталууга тийиш экендеги эске алынат. (экономика, медицина, билим берүү, коммуникация, өндүрүш ж.б.). Ошондой эле, долбоор аркылуу сунушталган маселелер экономикалык – техникалык – укуктук жактан негизделип ишке ашыруу жолдорун камтышы маанилүү болгон. Конкурс ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпы жарандар үчүн өзүнчө жүргүзүлүп, каржылоого ийгиликтүү кабыл алынган долбоорлор үчүн төмөндөгүдөй таризде акчалай байге каралган: ЖАМУнун студенттери үчүн – 300 000 (үч жүз миң) сом; ЖАМУнун профессордук - окутуучулук курамы үчүн – 300 000 (үч жүз миң) сом; жалпы жарандар үчүн – 400 000 (төрт жүз миң) сом. Жыйынтыгында, конкурска келип түшкөн долбоорлор, атайын комиссия тарабынан экспертизадан өткөрүлүп, долбоорлорду тандоонун жеңүүчүсү катары ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун, графикалык дизайн адистигинин студенти Акматилла кызы Аселдин “ETNO-SAYMA: Сайма кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү  борбору” стартабы долбоордук сунушка ылайык каржылансын деп табылып, окуу жайыбыздын ректору техн.и.д., профессор К.Ж.Усенов тарабынан 300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификат тапшырылды – деп билдирди Бизнес-инкубатордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов