1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

102

ЖАМУнун студенти «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүсү аталды

Кыргызпатент “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында инновациялык демилгелерди жана стартаптардын конкурсун жарыялап, бул сынакка окуу жайыбыздан да өтүнмөлөр жөнөтүлгөн. Мында 1 000 000 сомго чейин инновациялык демилгелерди жана 500 000 сомго чейин стартаптарды каржылоо каралган. Өлкө боюнча “40 райондон 40 демилге” долбооруна берилген 209 өтүнмөнүн ичинен акселерациялык программага катышуу үчүн 30 долбоор, анын ичинен 15 инновациялык демилге, 15 стартап алдын ала тандалып алынган. Айтсак, ЖАМУдан Кудайбердиева Гульзада Алмамбетовна (Цифровой телеграмм-бот для органической сертификации фермеров по системе PGS в регион Кыргызстана), Торомаматов Оомат Азаматович (Сидбол топчолорун даярдоонун жана таратуунун автоматташтырылган системасы), Абдырахманова Аида Абдыкайымовна (Я Напомню» (My friend.kg) – умная аптечка первой помощи с функцией персонализированных напоминаний и встроенной аптечкой), Рустамов Талайбек Алимбекович (КамышТех (ReedTech) это инновационный стартап, ориентированный на производство экологически чистых камышовых матов), Рустамов Талайбек Алимбекович (Домашний мини-биогазовый реактор BioHome.kg) жана Нышанов Бакытбек Михаиловичтер (Самодостаточный водно-гравитационный автономный генератор) акселерациялык программадан өтүшкөн. Акселерациялык программа долбоордун финансылык моделин жана өндүрүш планын түзүүгө, долбоордогу тобокелдиктерди аныктоого, долбоордун бизнес-пландарын түзүүгө жана талдоого жардам берүү боюнча эки ай үзгүлтүксүз онлайн окутуу курстарынын форматында насаатчылык жана окутуу аркылуу бизнес-идеяны интенсивдүү өнүктүрүүнү камтыды. Окутуунун жыйынтыгы боюнча инновациялык долбоорлор алардын тармактык таандыктыгына жараша комплекстүү экспертиза жүргүзүү максатында көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланды. Жыйынтыгында, Бишкек шаарында «40 райондон 40 демилге» долбоорунун финалдык иш-чарасы болуп, мында өлкөнүн аймактарында иштелип чыккан инновациялык идеялар жана стартап-долбоорлор көрсөтүлүп, жыйынтыктоочу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, өлкөнүн аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемел Садыков, ошондой эле ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү - министрликтердин, ведомстволордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Презентациялардын жыйынтыгында мыкты 8 демилге аныкталып, алардын ээлерине сертификаттар тапшырылды. Анын ичинен мыкты стартап долбоор катары, ЖАМУнун Агрардык-техникалык институтунун Электр менен камсыздоо адистигинин ЭС-1-23 тайпасынын студенти Торомаматов Оомат Азаматовичтин - «Сидбол топчолорун даярдоонун жана таратуунун автоматташтырылган системасы» стартабы долбоордук сунушка ылайык каржылансын деп табылды. Долбоордун жалпы суммасы 500 000 сомду түзөт – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов