1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

49

ИШКЕРДИККЕ БАГЫТТАЛГАН БИЛИМ - ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН АЧКЫЧЫ!

ЖАМУнун Медициналык колледжинин Фармация адистигинин студенттеринин арасында ишкердик боюнча бизнес-план түзүүгө арналган конкурс мазмундуу жана жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты - студенттердин ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, экономикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана фармация тармагында заман талабына жооп берген инновациялык идеяларды колдоо болду. Конкурстун алкагында студенттер фармация тармагына, тамак аш, креативдүү индустрия, экология, социалдык кызмат көрсөтүү жана жашыл энергетикага  байланышкан өздөрүнүн кызыктуу жана инновациялык бизнес-идеяларын сунуштап, рыноктук анализ, каржылык эсеп жана ишке ашыруу жолдору менен тааныштырышты. Бул иш-чара студенттердин ишкердик потенциалын ачууга, фармация тармагындагы заманбап бизнес-идеяларды колдоого жана теориялык билимди практика менен айкалыштырууга багытталды. Баса белгилеп айтсак, Бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча жооптуу Алимбаева Гулбара Эргешовнанын демилгеси менен  адистиктер арасында өткөрүлүп жаткан иш-чарага катышкан командалар түрдүү багыттарда анын ичинен, өзгөчө дарыкана ишин уюштуруу, дары-дармек өндүрүү, фитопрепараттарды даярдоо, фармацевтикалык кызмат көрсөтүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялык багыттар боюнча өздөрүнүн бизнес-долбоорлорун сунушташты. Ар бир бизнес-планда идеянын актуалдуулугу, максаттары, рыноктук анализи, каржылык эсептөөлөрү, мүмкүн болуучу тобокелчиликтер жана долбоорду ишке ашыруу жолдору кеңири камтылды. Студенттер өз ойлорун так, негиздүү жана ишкердик көз карашта коргой алышты. Эскерте кетсек, конкурстун жүрүшүндө Косимжанова М - «Свет души», Надырбекова А - «Sweet Craft», Жиянбаев Н - «Фармацевтика заводу жана лабораториясы»,  Кадырбекова С - «Кыргыз боёк», Мурзалиева Н - «EcoBag KG», Ганижанова М - «Кондитердик цех + Кафе», Юлдашева Д - «Мини комфорт зонасы», Г.Д.Молдошева - «Туура тамактануу - ийгиликтин ачкычы» деген стартап/долбоорлорунун презентацияларын жасашты. Жыйынтыгында, калыстар тарабынан 1-орунду Кадырбекова С - «Кыргыз боёк», 2-орунду Косимжанова М - «Свет души», 3-орунду А.Надырбекованын - «Sweet Craft» жана Г.Д.Молдошеванын - «Туура тамактануу - ийгиликтин ачкычы» командалары ээлешти. Уюштуруучулар тарабынан, баалуу белектер жана сертификаттар тапшырылып, бул жолку тандоо турунан өтпөй калган катышуучуларга ийгиликтерди каалоо менен бирге, кийинки тандоого жакшы даярданып, кайрадан конкурстарга катышууга чакырабыз деген каалоо тилектер айтылды. Конкурс жаштардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, лидерлик сапаттарын жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Мындай иш-чаралар келечектеги фармацевт адистерди атаандаштыкка жөндөмдүү, демилгелүү жана өз ишин баштоого даяр кадр катары калыптандырууда маанилүү роль ойнойт - деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов