1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

79

ЖАМУнун «АКЫЛДУУ КҮНӨСКАНА» (УМНАЯ ТЕПЛИЦА) КОМАНДАСЫ “ECOVISION ЖАШТАР ХАКАТОНУНУН” ФИНАЛДЫК БАСКЫЧЫНДА

Келечекти өзгөрткүңүз келеби? EcoVision жаштар хакатонуна катышыңыз! Бул - жаратылышты коргоо жана климаттык тобокелчиликтерге каршы күрөшүү боюнча жаңы идеяларды ойлоп табууга жана ишке ашырууга болгон чоң мүмкүнчүлүк! Долбоордун темалары: Туруктуу өнүгүү алкагында биотүрдүүлүк жана экосистемалар; Климаттык каржылоо жана «жашыл» инвестициялар; Тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү жана азайтуу; Экология үчүн санарип технологиялар, IT-чечимдер жана жасалма интеллект; Углероддук жана экологиялык издерди эсептөө; Климаттын өзгөрүшү жана саламаттык: (гендердик) аспектилерин түздү. Сынактын онлайн этабы - 2025-жылдын 10-ноябрында болуп, мында ЖАМУдан жалпы 3 команда катышышты, алар: «Акылдуу күнөскана» (Умная теплица); “Эко-Зелень”, «Самодостаточная водно-гравитационная автономная микроГЭС». Анын ичинен «Акылдуу күнөскана» (Умная теплица) командасы ECOVISION жаштар хакатонунун финалдык баскычына жолдомо алды. Жыйынтыгында, 2025-жылдын 12-декабрь күнү “Ала-Тоо Эл аралык Университетинин долбоордук командасы” тарабынан Бишкек шаарында уюштурулуп жаткан “EcoVision: Климат үчүн жаштар” хакатонунун CliCK - 2025, экинчи этабынын финалдык иш-чарасына: “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Агрардык-техникалык институтунун, автоматташтырылган башкаруу системалары адистигинин «Акылдуу күнөскана» (Умная теплица) командасы (Менторлору: Ажыкулов С.М., Р.Р.Шеркулов, команда мүчөлөрү: Шайлыбаев Нуржигит Эрмекович, Абарбекова Анара Мусурманкуловна, Талипова Шахра Бактыбековна, Набижан кызы Айдана) катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эскерте кетсек, финалдык баскыч эки лигада өткөрүлүп, биринчи лига: Экология, кайра иштетүү, агротехнологиялар, жашыл чечимдер. (10 команда), экинчи лига: Санариптик чечимдер, платформалар, климаттык каржылоо жана инновациялар (8 команда) командалары күч сынашышты – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов