1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

143

ИЛИМИЙ ДОЛБООРЛОР ЖАНА СТАРТАП ИДЕЯЛАР КӨРГӨЗМӨСҮ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде» ноябрь айы “Илим айы” деп белгиленгендигине байланыштуу Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор), стартап идеяларды иштеп чыгуу жана аны андан ары коммерциялаштыруу маселелери боюнча “Илимий долбоорлор жана стартап идеялар көргөзмөсү” (көргөзмө/питчинг) иш чарасы болуп өттү. Иш чараны окуу жайыбыздын ректору техн.и.д., профессор К.Ж.Усенов ачып, студенттерге жана конкурстун катышуучуларына окууларында жана иштеринде ийгиликтерди каалоо менен биргеликте ааламдашкан коомдо илимдүү, билимдүү инсандар гана чоң-чоң жетишкендиктерди багындыра алаарын, жаңы заманбап технологияларды өздөштүрүү зарыл экендигин ошондой эле өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу максатында ЖАМУда ачылган Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) ролу чоң экендигин да баса белгилеп өттү. Иш чаранын максаты: Стартап жана инновациялык бизнес идеялар менен тааныштыруу. Андан сырткары иш чарага; Гулдана Самидиновна Токоева - ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, филос.и.д., профессор, Баймырзаева Айнагул Иманбековна - Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Жусуев Ильясбек Маликбаевич - Жалал-Абад областынын Ишкердикти колдоо борборунун юрист-консультанты, адвокат, Атабай Тойчу уулу - "Жашыл Инновациялык Борбору" коомдук фондунун Кыргызстандын түштүк региону боюнча долбоордун координатору чакырылды. Иш чаранын жүрүшүндө Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборундагы (Бизнес-инкубатор) ишкердик ишмердүүлүктүн ошондой эле инновациялык идеялардын калыптануусуна жана андан ары өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Жалал-Абад областынын Ишкердикти колдоо борборунун юрист-консультанты, адвокат Жусуев Ильясбек Маликбаевичке жана "Жашыл Инновациялык Борбору" коомдук фондуна ЖАМУнун ректору профессор К.Ж.Усенов тарабынан окуу жайдын ыраазычылык каттары тапшырылды. Сынакка жалпысынан он команда: ВелоMOIKA (Зуруева А., жетекчиси: Болотбеков А.О.), G ray (Шайлыбаев Н.Э., жетекчиси: Ажыкулов С.М., Шеркулов Р.Р.), EcoReturn (Абдуллаева Ш, Ихвалдинова Г,Эмильова Ф., жетекчиси: Ташиева Н.А.), FELT ART (Окушева Ж,Э., жетекчиси: Алдозова Н.С.), Smart Ак-Калпак (Маматов М.И., жетекчиси: Бечелова А.Т), EcoCycle Energy (Кимсанбаев А., жетекчиси: Аскаров Ж.М.), АРУУЗАТ_MAKES (Жолдошева Д., жетекчиси: Орункулова Д.М.), EcoFruit Bites (Исабаева Д.Ш., жетекчиси: Абдрашева У.А.), Антистресс таштар жана арт-терапиялык курал (Алайова М, Арапаева Н., жетекчиси: Барпиева Г.М.), Кел чогуу, бирге! (Кадырбекова С.К., жетекчиси: Алимбаева Г.Э.) командалары күч сынашышты. Ошентип, калыстар тобунун тыкыр сынагынан тандалып, аттаандаштарынан өзгөчөлөнгөн инновациялык студенттик стартап долбоорлор жеңишке жетишишти. 1-орунду EcoCycle Energy командасы (Кимсанбаев А., жетекчиси: Аскаров Ж.М.), 2-орунду G ray командасы (Шайлыбаев Н.Э., жетекчиси: Ажыкулов С.М., Шеркулов Р.Р.), 3-орунду EcoReturn командалары (Абдуллаева Ш, Ихвалдинова Г.Эмильова Ф., жетекчиси: Ташиева Н.А.) жеңип алышты жана аларга 1-2-3-даражадагы кубоктор, дипломдор ыйгарылды. Андан сырткары Ноябрь - “Илим айына” арналган “Илимий долбоорлор жана стартап идеялар көргөзмөсүнө” активдүү катышкандыгы үчүн он стартап командага тең ЖАМУнун ыраазычылык каттары тапшырылды. Калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган долбоорлор стартап конкурстардын кийинки баскычтарына катушууга сунушталды. Баса белгилеп айтсак, катышуучулар иш чарада жаштар арасында жаратман жана инновациялык идеяларды ишке ашыруу багытындагы мүмкүнчүлүктөр, жогорку окуу жайлар менен бизнес жана өндүрүш чөйрөсүнүн ортосунда өз ара кызматташуу тартиби жана социалдык өнөктөштүк боюнча маалыматтарды алышты - деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов