1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

153

КЫРГЫЗПАТЕНТ менен ЖАМУнун бирдиктүү ишмердиги тыгыз байланышта уланууда

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмү тарабынан “Интеллектуалдык менчик жана инновациялардын жогорку окуу жайлардагы ролу жана мааниси” деген темада окуу семинарыболду. Семинарга профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттар, магистранттар, жаш ойлоп табуучулар жана автордук күбөлүктөрдүн ээлери катышышты. Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Жантаев Чингиз Гульджигитович, Интеллектуалдык менчик жана инновациялардын жогорку окуу жайлардагы ролу жана анын мааниси боюнча билимди жогорулатуу максатында ЖАМУда атайын профессордук-окутуучулар курамы үчүн  окуу семинары уюштурулуп жаткандыгын жана кызматташтык мындан ары да бекемделээрин баса белгиледи. Ошондой эле Чингиз Гульджигитович, “Авторлор жана жаратуучулардын укуктары жөнүндө” маселеге  токтолуп, учурда аткарылып жаткан алгылыктуу иштер жөнүндө да айтып өттү. Кыргызпатенттин Жалал-Абад облусундагы башкы адиси Баймырзаева Айнагүл Иманбековна, Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү боюнча да кеңири маалымат берип, бул багытта семинардын катышуучуларына практикалык мисалдарды баяндап берди. Ош шаарынан келген өкүлчүлүктүн кызматкери Алмаз Алымкулов угуучуларга “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин, ЭВМ программаларын каттоого өтүнмөлөрдү берүү боюнча практикалык көрсөтмө”аталышындагы баяндамасын жасады. Окуу семинардын жыйынтыгында Кыргызпатенттин өкүлдөрүнө катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды жана угуучулар бул багытта көптөгөн маалыматтарга ээ болушту - деп билдирди ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору – Алымкулов Б.Н.