1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

108

BATKEN 4.0 ХАКАТОНУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛДУК

Эл аралык электр байланыш союзу (БУУнун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча адистештирилген мекемеси), Баткен мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому тарабынан Баткен шаарында уюштурулган  – Баткен облусун өнүктүрүү максатында стартаптарды түзүү боюнча хакатондо жеңүүчү болуп ЖАМУнун «Сидболлдор аркылуу жайыттарды калыбына келтирүүнүн автоматташтырылган системасы» («ЭкоЗелень») стартап долбоору BATKEN 4.0 хакатонунун жеңүүчүсү болду, башкача айтканда биринчи орунду ээлеп, биринчи даражадагы диплом жана 80 000 сомдук грантка ээ болду. Стартап идея табигый-техникалык факультетинин студенти Оомат Торомаматов тарабынан жергиликтүү үрөөндөрдөн, чоподон, топурактан жана суудан жасалган сидболлдордун (уруктуу шарлар) жардамы менен деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүүнүн автоматташтырылган системасын үстүндө иштөө болуп саналат. Стартап долбоор аймактарда чөлгө айлануу менен күрөшүүгө, биоартүрдүүлүктү жакшыртууга жана жайыттардын топурак катмарын калыбына келтирүүгө багытталган болуп эсептелинет. Эскерте кетсек, 2025-жылдын 21-апрелинде Баткен шаарында Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн стартаптарды ишке ашыруу боюнча BATKEN 4.0 хакатонунун финалы болуп өттү. Хакатон 2025-жылдын 18-мартынан 21-апрелине чейин созулуп, ага Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан 18 жаштан 35 жашка чейинки 90го жакын катышуучу катышышып, 90 адамдын ичинен 50сү финалга өттү – бул идеяларды, бизнес-моделдерди жана продукттун минималдуу жашоого жөндөмдүү версияларын (MVP) көрсөткөн 15 команданын мүчөлөрү түздү. Андан сырткары финалга өткөн дагы бир стартап командабыз Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин студенттери Арзибекова Асия жана Артур Шабановдор (жет: Ажыкулов С.М., Шеркулов Р.Р.) Мал-Жан-Санак (Batken Vet) стартап/долбоору менен катышып, (инновация жана санариптештирүү менен айыл чарбаны эффективдүү жана коопсуз башкарууга шарт түзүп берүү, мал жандыктарды кол менен эмес смартфон аркылуу эсептөө, убакытты үнөмдөө, төрт түлүк малды коопсуз жана сак көзөмөлдөө үчүн мал жандыктарды чиптеп (чипирование), маалымат базасына санариптештирип киргизүү) мыкты инновациялык стартап катары дипломдор жана акчалай (5000 с) сыйлыктар менен сыйланышты – деп билдирди "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин" бизнес-инкубаторунун жетекчиси Б.Н.Алымкулов