1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

74

“ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК БОЮНЧА БИЛИМ КЕРБЕНИ - 2025”

Интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Кыргызпатент жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарын камтыган “Интеллектуалдык менчик боюнча билим кербени” аттуу билим берүү долбоорунун алкагында Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объекттерин жана инновацияларды укуктук коргоо” темасында, интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоону жайылтууга, региондордун инновациялык потенциалын, жаш ойлоп табуучулардын, чыгармачыл адамдарга жана ишкерлерди колдоо жана инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган бир күндүк интенсивдүү билим берүү курсу өткөрүлдү. Максаты: интеллектуалдык менчик жаатында укуктук сабаттуулукту өркүндөтүү, патенттик укуктун негиздерин, автордук укукту, товардык белгилерди жана интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну түшүндүрүү, аймактарда интеллектуалдык менчикти коргоо маданиятын калыптандыруу, билим берүү уюмдарында программаларды кеңейтүү, интеллектуалдык менчиктин бажы каттоосундагы товардык белгилерди коргоо боюнча чаралар менен таанышуу болду. Максаттуу аудитория: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери; райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери; жогорку окуу жайлардын окутуучулары; орто мектептердин мугалимдери; чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү; стартаперлер жана креативдүү индустриялар субъекттери; аймактык бажы, укук коргоо жана контролдоо органдарынын кызматкерлери; жеке ишкерлер жана бизнес ассоциациялардын мүчөлөрү; маданий жана искусство мекемелеринин өкүлдөрүнөн түзүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялык системасы, КРда товардык белгилердин, товарлардын келип чыккан жерлеринин аталыштарынын жана географиялык көрсөткүчтөрдүн укуктук коргоо, Өнөр жай менчик объекттеринин укуктук коргоо, Автордук жана чектеш укуктар объекттерин коргоо, Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү, Өлкөбүздө интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо ыкмалары, Товардык белгилерди Интеллектуалдык менчик объекттеринин Бажы реестринде каттоо, Продукциядагы контрафактты аныктоо ыкмалары боюнча маалыматтар берилди. Жалал-Абад облусунда интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча жемиштүү жана ийгиликтүү кызматташкандыгы үчүн Кыргызпатент тарабынан ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборуна ыраазычылык кат тапшырылды. Жыйынтыгында, катышуучулар интеллектуалдык менчикти коргоо механизмдери, патенттөө, товардык белгилерди жана автордук укуктарды каттоо боюнча негизги билимдерге ээ болушуп, Кыргызпатенттин тиешелүү сертификаттары тапшырылды - деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов.