1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

1 год назад

135

«СТУДЕНТТИК СТАРТАП» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан студенттердин стартап долбоорлору боюнча сынак жарыяланып, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери тарабынан конкурска катышууга 40 тан ашуун өтүнмөлөр жөнөтүлгөн. Сынакка жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшүп, 14 студенттик стартаптар чейрек финалга тандалып алынган. Анын ичинен ЖАМУдан 4 стартап долбоор өткөн. 11.12.2023-ж. финал үчүн конкурс болуп, алар үч этапта сындан өтүп, андан 8 стартап долбоор тандалды. ЖАМУдан 2 стартап долбоор 22.12.2023-ж. саат 16:00дө онлайн форматта болуп өткөн, финалдык баскычка катышып, Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Арзибекова Асия Калыбековнанын (команданын жет: Шеркулов Рафаэль Рашидович) САНАРИПТЕШТИРИЛГЕН АЙЫЛ ЧАРБА “МАЛ-ЖАН-САНАК” стартап долбоору 770 000 сом; Майлуу-Суу колледжинин Э-1-23 тайпасынын студенттери Мадиев Эрмек Мамасалиевич, Ахматкулов Арлен Кыялбековичтердин (команданын жет: Куулуева Мархабат Абдылдаевна) “ВЫРАЩИВАНИЕ ЕЛОВЫХ, ДЕКОРАТИВНЫХ ДЕРЕВЬЕВ, ДЕКОРАТИВНЫХ ЦВЕТОВ, ЯГОД И ДРУГИХ НАСАЖДЕНИЙ В ТЕПЛИЦЕ” стартап долбоору:117 000 сомдук мамлекеттик гранттык каржылоого ээ болушту. Министрлер кабинетине караштуу "Студенттик стартап" пилоттук программасын ишке ашыруу боюнча студенттик сегиз стартап долбоорго мамлекет каржылык колдоо көрсөтүлөөрү белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Онлайн жана офлайн форматында өткөн кеңешмеде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов "Биз жеңүүчү долбоорлорго талапты катуу коюу менен жакшы шарттарды түзүп бергенге даярбыз. Анткени, акчаны бөлүп берип коюу оңой, бирок аны ишке ашыруу, атаандаштыкка туруштук берүү татаал", — деп белгилеп өттү. Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия тармактарындагы долбоорлорду жакташты. Иш чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору техн.и.д., профессор К.Ж.Усенов катышып, сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, мындан ары да жакшы окуп, өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө, тынымсыз билим алууга чакырды. Бул багытта студенттердин идеяларын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион сом каралган. Белгилей кетсек, жогорку окуу жайлардагы бизнес-идеяларды ишке ашыруу, жаштар ишкердигине дем берүү максатында ушул жылдын март айында Министрлер кабинетинин "Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө" токтому кабыл алынган – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов.