- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС ЖОК

2025-жылдын 26-февралында экономикалык-юридикалык факультетинин, 530500 юриспруденция адистигинин ЮСк-2-24 тайпасынын ата-энелер жыйналышы болуп өттү. Жыйынга тайпанын ата-энелери, профессордук-окутуучулук курам катышты. Анда негизинен 2024-2025-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгындагы студенттердин катышуу жетишүүсү, окуу жана окуудан тышкаркы иштердеги жетишкендиктери, студенттердин жүрүм турум эрежелери, ошондой эле ата-энелер менен иш алып баруу максатында ата-энелер комитетинин төрагасын шайлоо, жылдык окуу төлөмдөрү (контракт), ага кошумча алдыда аткарыла турган иштер боюнча маселелер каралды. Жыйындын жүрүшүндө студенттердин окуу процессиндеги ийгиликтери жана келечек ээлери толук кандуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр баяндалып, окуу программалары боюнча түшүндүрмөлөр менен бирге окуу төлөмдөрү жана алардын төлөм шарттары тууралуу, окуу процессинин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү үчүн ата-энелерден төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүү өтүнүчү айтылды. Ошондой эле студенттердин окууга кийип келүүчү формасы жана кийимдери боюнча талаптар каралып, ата-энелер тарабынан сунуштар берилди жана жогорку окуу жай болгондуктан талапка ылайыктуу болушу керектиги белгиленди. Көпчүлүктүн добушу менен ата-энелер комитетинин төрагасы Кармышакова Чолпон Замировна шайланып, бир добуштан бекитилди. Чолпон Замировна ишеним көрсөткөн ата-энелерге терең ыраазычылык билдирүү менен андан аркы иштерди жакшыртуу үчүн өзүнүн сунуштарын айтып, ата-энелерди балдарынын келечеги үчүн активдүү болууга чакырды. “Тарбия ишинде танапис жок” демекчи, балдардын тарбиясы, ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, техникалык коопсуздук эрежелери, жолдо жүрүү эрежелери, сабактардан себепсиз калбоо жана кечикпөө сыяктуу маселелер талкууланып, милдеттенмелер бекитилди. Келген ата-энелер окуу жайыбызда студенттер үчүн жаратылган шарттар менен катар Конфуций институтунда, Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда, Робототе́хника лабораториясында жана Эл аралык байланыштар бөлүмдөрүндө болушуп, чындыгында студенттер үчүн заманбап, ааламдашуу алкагында тез өнүгүп жаткан дүйнөлүк атандашууга аракеттер жүрүп жатканын жана бул багытта ар тараптан илим, билим алуу менен бирге ишкердик ишмердүүлүгүн баштоого толук мүмкүнчүлүктөр бар экендигин көрүшүп, ыраазычылыктарын билдиришти. Максатыбыз, жаштарыбызга татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү. Андыктан, келиңиздер урматтуу ата-энелер балдарыбызга чогуу кам көрөлү, тарбиясына кайдыгер карабайлы жана келечекте мыкты адис болуп калыптануусуна жардам берели – деп баса белгилеп өттү тайпа куратору Б.Алымкулов