1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

178

1

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИҢ КЕЛСЕ ЭРТЕҢ ДЕГЕН СӨЗДҮ УНУТ

Табигый-техникалык факультетинин ЭС-1-23 тайпасынын студенти Торомаматов Оомат И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде академиялык мобилдүүлүк алкагында окуу менен бирге “Кыргыз-Корей IT 2024” конференциясында “Fab Lab MAKE-A-THON 2024” сынагына “Климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин азайтуу” темасындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышып, 1500$ ээ болду. Иш чаранын максаты - өлкөбүздүн санариптик өндүрүшүндөгү жетишкендиктерди көрсөтүү жана анын келечектеги өнүгүүсү боюнча сунуштарды талкуулоо, ошондой эле «Климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин азайтуу» темасында долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын келечегине багытталган инновациялык пландарды түзүү болуп саналат. Ал эми, FabLab долбоору өндүрүштүк кадрларды даярдоо жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу мекенибиздин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жардам берет. Ошондой эле, баарыбызга маалым болгондой MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору мекенибиздин таланттуу жаштары тарабынан сунушталып жаткан жаңычыл идеяларды жигердүү колдоп келет. Ош шаарында санариптик инновацияларды өнүктүрүүгө жана шаар чөйрөсүн жакшыртууга багытталган AI City Hackathon иш чарасы  болуп, ага Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунан келген 23төн ашык команда катышып, негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыды: экология; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү; жасалма интеллект; киберкоопсуздук; шаарды көрктөндүрүү; дени сак жашоо образы. Катышуучулар жарандардын жашоо сапатына олуттуу таасирин тийгизип, аймактардын санариптик трансформациясын тездетүүчү заманбап IT- чечимдерди сунушташты. Ошолордун катарында студентибиз өзүнүн “Акылдуу шаар” долбоору менен катышып, 2-орунду ээлегендиги үчүн 300$ ээ болду. Азыркы учурда Оомат “Ийгиликке жеткиң келсе анда, эртең деген сөздү унут” деген ураандын астында, өзүнүн стартап идеяларын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүү менен изденүү аракетин улантууда – деп билдирди бизнес-инкубатордун жетекчиси Б.Алымкулов