- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА СТАРТАПЧЫЛАР ҮЧҮН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Инновациялык борбор Мамлекеттик мекемеси менен Конрад Аденауэр атындагы Германиялык Фонду биргеликте стартапчылар жана аймактагы жаштар үчүн «Аймактарда стартап экосистемасын өнүктүрүү» программасында тренинг өткөрүлдү. Иш чаранын модератору: Ашраф Аликулов, Конрад Аденауэр Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук координатору жана со-модератору: Кыргызпатенттин алдындагы инновациялык борбор Мамлекеттик мекемесинин директору Айдар Алымбековдор болушту. Алгач сөзгө инновациялык борбор Мамлекеттик мекемесинин директору Айдар Алымбеков жана Конрад Аденауэр Фондунун Борбордук Азиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссен чыгып, катышуучуларды тренингдин жүрүшүндө активдүү болууга, убакытты туура пайдаланууга, кызыктырган суроолорду берүүгө, эң негизгиси келечекте чогуу иш алып барууга чакырып өттү. Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы башкы адиси Баймырзаева Айнагүл Иманбековна сөз сүйлөп, бул багытта ойлоп табуучулар, стартапчылар жана жигердүү жаштар менен бир топ жумуштар жасалгандыгын жана алдыда дагы да жасала турган жумуштар көп экендигине токтолуп, уюштуруучуларга ийгиликтерди каалап кетти. Андан сырткары ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) аткарылган жумуштар жана студенттердин жараткан ийгиликтери жөнүндө борбордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов тарабынан маалымат берилди. Иш чаранын жүрүшүндө Айжан Алишерова - Дуймаз, Акселерация программаларынын (Accelerate Prosperity) жетекчиси - Бизнес-инкубатордон же бизнес акселератордон кантип максималдуу пайда алууга болот жана стартаптарды каржылоо мүмкүнчүлүгүн тартуу, тренер Даниэль Абдылдаев - Стартап экосистемасына сереп салуу, ийгиликтүү стартаптар жана ийгиликсиз стартаптар, Айдар Алымбеков, Кыргызпатенттин алдындагы инновациялык борбордун директору - “40-райондон-40 демилге” долбоорлорунун презентациялары менен бөлүшүштү. Уюштуруучуларга катышуучулар тарабынан кызыктыргын суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды деп билдирди – бизнес-инкубатордун директору Алымкулов Б.Н.