- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
КОНРАД АДЕНАУЭР ГЕРМАНИЯЛЫК ФОНДУ ЖАНА ЖАМУ КЫЗМАТТАШТЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Инновациялык борбор Мамлекеттик мекемесинин директору Айдар Алымбеков жана Конрад Аденауэр Фондунун Борбордук Азиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссендер Жалал-Абад шаарында, Конрад Аденауэр атындагы Германиялык Фонду менен биргеликте, стартапчылар үчүн иш-чара өткөрүүнү пландаштыруу максатында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болушту. Инновациялык борбор Мамлекеттик мекемесинин максаты, жаштардын инновациялык ишмердүүлүк жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасында инновациялардын тиешелүү экосистемасын түзүү үчүн инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана илгерилетүү болуп саналат. Инновациялык борбор өлкөбүздүн өсүп келе жаткан муунун өнүктүрүү боюнча масштабдуу милдеттерди ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциалга ээ деп баса белгилеп өттү мекеменин директору Айдар Алымбеков. Конрад Аденауэр Фондунун Борбордук Азиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссен Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташып иштөө сунуштарын билдирип өттү. Андан сырткары жакын арада студенттер үчүн сынак жарыяланаарын жана өлкө боюнча мыкты аталган он студентке алты ай, башкача айтканда ар бир айга жүз элүү евродон стипендия бирилип тураарын жана Германия өлкөсүнө мобилдүүлүк курстарына жиберилээри боюнча маселелерге токтолуп, инновациялык борбор Мамлекеттик мекемесинин директору Айдар Алымбеков Конрад Аденауэр Фондунун алгачкы стипендиаты экендигин белгиледи. Кызматташуу боюнча баарлашуу окуу иштери боюнча проректор А.П.Алибаев менен жүргүзүлүп, алдыда жасала турган жумуштарга байланыштуу бир топ ой пикирлер айтылды. Атабек Пахырович кызматташтыкта иш алып барууга кызыктарбыз, ал үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү жана бизде активдүү, билимдүү, интеллектиси жогору студенттер абдан көп экендигин билдирүү менен келген коноктордун иштерине ийгиликтерди каалап өттү – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов.