- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
СТУДЕНТТЕРДИН СТАРТАП ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК БИЗНЕС ИДЕЯЛАРЫН МЕНТОРЛОРГО ПРЕЗЕНТАЦИЯЛОО
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №26 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын №6 протоколунун 3-пунктун аткаруу максатында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте “Студенттердин стартап жана инновациялык бизнес идеяларын менторлорго презентациялоо” иш чарасы болуп өттү. Максаты: стартап жана инновациялык бизнес идеялар менен тааныштыруу. Иш чараны ачуу сөзүнө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору техника илимдеринин кандидаты, доцент Куваков Сталбек Жеңишбекович жана Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы - Жантаев Чингиз Гульджигитовичтер чыгып, стартап – бул жаңы муундун бизнеси экендигин, жаштар убактысын текке кетирбей окуу жайдагы жаратылган мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, келечекте өзүнүн ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө толук шарттар бар экендигин белгилеп өтүштү. Андан соң менторлорго: Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн адиси - Куралбекова Акак Нурбековна; Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын начальниги - Акимбеков Хусеин Маматканович; Жалал-Абад JIAфилиалынын директору - Досалиев Талантбек Макулбекович; Ишкердикти колдоо борборунун бизнес-консультанты - Апатаев Марс жана FINCA Банк Жалал-Абад филиалынын; Капитал Банк Жалал-Абад филиалынын; Банк компаньон Жалал-Абад филиалынын өкүлдөрүнө студенттер жана стартап командалар тарабынан стартап жана инновациялык бизнес идеяларынын презентациялары тартууланды. Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө жаштар арасында жаратман жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу багытындагы түзүлгөн шарттар, жогорку окуу жайлар менен бизнес жана өндүрүш чөйрөсүнүн ортосунда өз ара кызматташуу тартиби жана социалдык өнөктөштүк боюнча маалыматтар өз ара талкууланды. Студенттердин стартап жана инновациялык бизнес идеяларын менторлорго презентациялоо иш чарасы Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы башкы адиси Баймырзаева Айнагул Иманбековна тарабынан жыйынтыкталып, өз максатына жетти – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору - Б.Н.Алымкулов