1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

194

ЖАШТАРГА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери, «Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы» (СКС ЖА) Коомдук Фонду, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы каржылык колдоосу менен Энактас Кыргызстан уюмунун аткаруусунда “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн долбоору” биргеликте Жалал-Абад шаарында ишке ашырылып жаткан, "АгроХаб Жашыл борбордун” ачылышына катышып келишти. Долбоордун максаты: пандемиядан кийинки учурдагы туруктуу өнүгүү үчүн жашыл, инклюзивдик жана санариптик келечекти куруу үчүн өлкөбүздүн жаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Ал эми долбоордун максаттуу аймактары: Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областтары камтылган. Атап айтсак, долбоордун алкагында Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы» (СКС ЖА) Коомдук Фонду, Жалал-Абад областындагы “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөрү” өнүктүрүү боюнча жаш ишкерлер, дыйкандар, фермерлер, жаштар жана студенттер менен иш алып барууга кызыктар болуп келет. Жогоруда аталган долбоордун алкагында 2024-жылдын, 27-май күнү “АгроХаб Жашыл борбордун” ачылуу аземи болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акматов Мамасалы Такабаевич, Энактас Кыргызстан Коомдук Бирикмесинин аткаруучу директору Сүйүнова Гүлбарчын Унгарбаевна, Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматынын директору Жойболотов Сыргабек Токтосунович, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович жана Жалал-Абад областынын органикалык айыл чарба департаментинин директору Режабалиев Абдулатип Маматхасановичтер сөзгө чыгып, борбордун ишине ийгиликтерди каалап өтүштү. СКС ЖАнын директору Жойболотов Сыргабек Токтосунович Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы боюнча жана жооптуу куратор Мирлан Мурзакулов тарабынан долбоор жөнүндө жана агрохабтын иштөөсү боюнча жалпы маалыматтарын беришти. Ошондой эле, чакырылган уюмдар (менторлор): “Био Сервис” коомдук фондунун директору – Кудайбердиева Гулзада Алманбетовна, Сузак райондук агрардык департаментинин башчысы – Мамытов Алишер Турдалиевич жана Жалал-Абад ЖИА ишкерлер  ассоциациянын жетекчиси – Талантбек Макулбекович Досалиевдер катышып, өз ой-пикирлерин бөлүшүштү. Аларга угуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Белгилей кетсек, Жалал-Абад областындагы органикалык чарба жүргүзгөн жаш ишкерлер тарабынан өндүргөн азык-түлүктөрдүн, товарлардын жарманкеси уюштурулду – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүтүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов.