1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

15 часов назад

56

1

STUDENT STARTUP DAY - 2026, ИДЕЯДАН ИЙГИЛИККЕ: СТУДЕНТТИК СТАРТАПТАР ЖАНА КРЕАТИВДҮҮ ИШКЕРДИК

       «Илим айынын» алкагында Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда «Идеядан ийгиликке: студенттик стартаптар жана креативдүү ишкердик» аталышындагы иш-чара ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2026-жылдын 26-октябрындагы №7 протоколу менен бекитилген «Илим айынын» иш-чаралар планынын негизинде уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин стартаптык демилгелерин колдоо, инновациялык жана креативдүү бизнес идеяларын өнүктүрүү, жаштардын ишкердик потенциалын ачуу, өз алдынча ишкердик жүргүзүүгө зарыл болгон практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу жана жасалма интеллектти стартап долбоорлорунда колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду. Иш-чараны илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, ф.и.д., профессор Г.С.Токоева ачып, студенттердин илимий-изилдөөчүлүк жана ишкердик демилгелерин колдоонун, жаңы идеяларды практикалык долбоорлорго айландыруунун маанисине токтолду. Программанын алкагында чакырылган эксперттер тарабынан актуалдуу темаларда мастер-класстар жана презентациялар өткөрүлдү.

Алгач Ильясова Айзада Нуржановна «Креативдүү индустрияда чыгымсыз өндүрүш» темасында мастер-класс өткөрүп, креативдүү идеяларды ишке ашыруунун, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануунун жана чакан ишкердикти өнүктүрүүнүн жолдору боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Андан соң Тагайкулов Темирлан Азимбекович «Жасалма интеллект – студенттик стартаптын жаңы мүмкүнчүлүгү» деген темада баяндама жасап, жасалма интеллекттин бизнес идеяларды иштеп чыгуудагы, стартап долбоорлорун өркүндөтүүдөгү жана инновациялык чечимдерди жаратуудагы ролу тууралуу маалымат берди. Презентациялардын жүрүшүндө студенттер заманбап ишкердиктин тенденциялары, креативдүү ой жүгүртүү, инновациялык идеяларды өнүктүрүү жана санариптик технологияларды бизнес чөйрөсүндө колдонуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар менен чакырылган менторлордун ортосунда суроо-жооп, пикир алмашуу жана талкуу уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Иш-чаранын маанилүү бөлүктөрүнүн бири катары Бизнес-инкубатордун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана студенттердин ишкердик демилгелерин колдоого салым кошуп келе жаткан институттардын жана колледждердин жооптуу кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Жыл ичинде Бизнес-инкубатордун ишин уюштурууга, студенттерди ишкердикке тартууга, стартаптык идеяларды жайылтууга жана жаштардын инновациялык демилгелерин колдоого жигердүү катышкан жооптуу кызматкерлерге ЖАМУнун Ыраазычылык каттары тапшырылды. Бул сыйлоо аземи университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, демилгелүү кызматкерлердин эмгегин баалоого жана студенттик ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен ишмердүүлүктү мындан ары да күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болду. Жыйынтыгында, иш-чара студенттердин ишкердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, жаңы идеяларды жаратууга, инновациялык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн таанууга жана аларды практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга өбөлгө түздү деп билдирди борбордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов.