1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

70

СУУ РЕСУРСТАРЫН ТУРУКТУУ БАШКАРУУДА ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮНӨ ЫҢГАЙЛАШУУДА АЯЛДАРДЫН РОЛУН КҮЧӨТҮҮ

ЖАМУнун табигый-илимий билим берүү багытында билим алып жаткан I, II курстун студенттери үчүн 2026-жылдын 19-ноябрында «Суу ресурстарын туруктуу башкарууда жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда аялдардын ролун күчөтүү» долбоорунун алкагында семинар-тренинг уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге климаттын өзгөрүшүнүн айлана-чөйрөгө жана калктын күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасири, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш ресурстарын коргоо жана климаттык тобокелдиктерге ыңгайлашуу маселелери боюнча маалымат берүү менен бирге, бул багыттагы аялдардын ролун жана жергиликтүү чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусунун маанисин түшүндүрүү болду. Семинар-тренингдин жүрүшүндө долбоордун координатору Карабаева Гульмерим Таштемировна жана долбоордун тренери Бектемирова Алтынай Турдумаматовна долбоордун максаттары, милдеттери, ишке ашыруу багыттары жана күтүлүүчү натыйжалары тууралуу кеңири маалымат беришти. Катышуучуларга долбоор Жалал-Абад облусу, анын ичинен Көк-Жаңгак шаары, Сузак районундагы Кызыл-Багыш айылы жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Терек айылын камтый тургандыгы белгиленди. Аталган аймактарда жергиликтүү тургундар, аялдар, жаштар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу каралган. Тренингде суу тартыштыгы, кургакчылык, абанын температурасынын жогорулашы, топурактын нымдуулугунун азайышы, сел коркунучу жана айыл чарбасындагы климаттык өзгөрүүлөрдөн улам жаралган көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле RADAR ыкмасы аркылуу климаттык коркунучтарды, суу жана жер ресурстарына байланышкан көйгөйлөрдү, калктын аялуу катмарларын жана негизги тобокелдиктерди аныктоо жолдору түшүндүрүлдү. Долбоордун алкагында сууну үнөмдөө, тамчылатып сугаруу, топурактын нымдуулугун сактоо үчүн биогумус колдонуу, мөмө-жемиш дарактарын туура бутоо жана климаттык шарттарга ылайык айыл чарба ыкмаларын пайдалануу боюнча практикалык мастер-класстар өткөрүлдү. Бул иш-чара калктын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталды. Семинарда аялдардын коомдогу ордуна да өзгөчө басым жасалды. Долбоордо аялдар жөн гана катышуучу катары эмес, жергиликтүү көйгөйлөрдү аныктоочу, демилге көтөрүүчү, сунуштарды иштеп чыгуучу жана чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышуучу лидерлер катары каралды. Анткени аялдардын жергиликтүү коомчулуктун көйгөйлөрүн чечүүгө катышуусу климаттык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Долбоордун күтүлүүчү натыйжаларынын катарында үч аймактагы жергиликтүү топтордун климаттык тобокелдиктерди талдоо жөндөмүн жогорулатуу, климатка ыңгайлашуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аялдардын лидерлик потенциалын чыңдоо жана кеминде 150 адамга практикалык маалымат берүү белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана суу ресурстарын коргоо жалпы коомчулуктун, анын ичинде жаш муундун да жоопкерчилиги экендиги тууралуу маанилүү маалыматтарга ээ болушту. Мындай семинар-тренингдер студенттерибиздин экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга жана туруктуу өнүгүү принциптерин турмушта колдонууга багытталат – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов.

Суу — жашоо. Климатка даярдык — келечек. Ал эми аялдардын активдүү катышуусу — туруктуу коомчулуктун күчү!