1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү
  4. Кулактандыруу

1 месяц назад

142

ИЛИМИЙ ЖУРНАЛГА МАКАЛАЛАРДЫ ЖАРЫЯЛОО ҮЧҮН НЕГИЗГИ ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР

"ЖАЛАЛ - АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ"

"ЖАМУнун жарчысы" илимий журналына табигый-техникалык, так жана социалдык-гуманитардык багыттагы илимий макалалар жарыяланат

Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган,

Журнал Россиянын илимий цитатасынын индексине (РИНЦ) киргизилген.

Макалалар кыргыз, орус, англис тилдеринде жарыяланат.

"ЖАМУнун Жарчысы" журналынын редакциясы авторлорду кызматташууга чакырат жана жаңы илимий гипотезалар жылдырылган жана технологиялар жөнүндө алдыңкы жана оригиналдуу маалыматтарды камтыган макалаларды, ошондой эле алардын толук сыпаттамасын, дискуссиялык макалаларды, баяндамаларды жана лекцияларды, монографияларга, китептерге жана окуу китептерине рецензияларды жарыялоого кабыл аларын маалымдайт. Мурда жарыяланган же башка журналдарга жана жыйнактарга жөнөтүлгөн материалдар кабыл алынбайт.

Басылмалардын тематикасы физика, математика, техника, химия, биология, сейсмология, медицина, жаңы технологиялар, экономика ошондой эле социалдык-гуманитардык илимдердин кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Редакция авторлордон төмөндөгү талаптарды аткарууну жана макаланы редакцияга жөнөтүүдөн мурун алар менен таанышып чыгуу зарыл деп эсептейт.

Бул эрежелерди сактабастан таризделген статьялар каралбастан кайтарылып берилет. Редакцияга келип түшкөн макалалар редакциялык кеңештин мүчөлөрүнүн экспертизасынан тармактык багыттар боюнча өтөт жана анонимдүү рецензиялоого жиберилиши мүмкүн.

Журналдарда жарыялоолорду жайгаштыруунун шарттары

"ЖАМУнун Жарчысы" журналына жарыялоо үчүн кыргыз, орус, англис тилдеринде табигый, так жана гуманитардык илимдер жаатында мурда жарыяланбаган көйгөйлүү, обзордук, дискуссиялык макалаларды камтыган макалалар кабыл алынат, анда фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн натыйжалары чагылдырылат.

Статьяларды тариздөөгө төмөнкүдөй талаптар коюлат:

I. Авторлор макаланы жайгаштыруу бөлүмүн аныктайт. Макаланын көлөмү, анын ичинде адабият тизмеси, таблицалары жана сүрөттөмөлөрү, аннотациясы жана негизги сөздөрү бар сүрөттөр басылган тексттер 10 барактан ашпоого тийиш, анын ичинде титулдук барак (УДК; ар бир автордун фамилиясы жана атасынын аты, макаланын аталышы, ал кыска жана маалыматтык болушу керек), аннотация, негизги сөздөр жана макаланын аталышы (сөзсүз түрдө 3 тилде: кыргыз, орус жана англис тилинде болушу), негизги текст, шилтемелер тизмеси, таблицалар жана схемалар, сүрөттөр жана графиктердин астындагы кол тамгалар болушун талап кылат.

Гуманитардык багыттар боюнча макаланын көлөмү – 8-беттен кем эмес, ал эми  табигый илимдер – 5-беттен кем болбош керек. Ар кандай графикалык объекттерге киргизилсе болот (сүрөттөр, графиктер, таблицалар).

1.      Текст электрондук түрдө Word версиядагы программага терилип, кагаз жана электордук түрдө берилет.

Ø    Тексттин шрифти - Times New Roman;

Ø    Кагаз форматы А4 (210 х 297 мм);

Ø    Шрифтин көлөмү - 14 кегл;

Ø    Интервал - 1,5

Ø    Үстү – 20 мм, асты – 20 мм, сол жагы – 30 мм, оң жагы-20 мм.

Ø    Кызыл сап - 10 мм;

Ø    Туураны тегиздөө;

Ø    Абзацтык чегинүү - 1 см;

2.      УДКнын болушу (универсалдуу ондук классификация).

3.      Макалага сын-пикирлер милдеттүү. Рецензияны тармактын алдыңкы адистеринен тапшырыңыз.

4.      Макаланын барактары ырааттуу түрдө номерлениши керек.

5.      Шилтеме тизмеси макаланын аягында тиркелет, келтирилген адабияттарга тексттеги шилтемелер чарчы кашаанын ичинде берилет.

6.      Макалага үлгү боюнча авторлор жөнүндө кыскача маалыматтар тиркелет.

7.      Рецензия (бир макала – бир рецензия).

8.      Мобилдик телефондордун номурлары.

9.      Электрондук почта дареги.

10.    Таблицаларга, сүрөттөргө (иллюстрацияларга) кол коюлууга тийиш.

II.      Аннотациялар жана негизги сөздөр, кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет жана аннотациядагы жыйынтыктар, изилдөөлөр, мазмундун жана котормонун сапатынын талаптарына жооп бериши керек. Аннотация 100дөн 250гө чейин сөздөн, ачкыч сөздөр 7ден 10го чейин сөз же сөз айкаштарынан болушу зарыл.

Формулалар (математикалык жана химиялык формулалар үчүн) тиешелүү редактордо терилиши керек. Таблицалардын аталыштары болууга  жана аларда бош графалар болбоого тийиш. Шарттуу кыскартуулар жана символдор эскертүүдө түшүндүрүлүшү зарыл.

Иллюстрациялык материалдар төмөнкүдөй форматтарда берилет: сүрөттөр, tiff же jepg, графиктер, диаграммалар, схемалар ж.б. – exls же cdr.  Сүрөттүн арткы бетинде же астында автордун фамилиясы, макаланын аталышы жана сүрөттүн номери көрсөтүлүшү керек.

III.    Адабияттардын тизмеси макалада колдонулган ырааттуулукта түзүлөт:

а) китептер үчүн-авторлордун аты-жөнү, чыгарманын толук аталышы, чыккан жери жана жылы;

б) журналдык макалалар үчүн – авторлордун аты-жөнү, макаланын толук аталышы, журналдын аталышы, чыккан жылы, тому.

в) диссертациялар үчүн – автордун аты-жөнү, докторлук же кандидаттык аты, иштин толук аталышы, басылган жери жана жылы.

IV.    Авторлор жөнүндө маалымат

Макаланын аягындагы кол жазмага адабият тизмесинен кийин 3 тилде (кыргыз, орус жана англис) ар бир автор жөнүндө маалыматтар тиркелет:

1) макаланын авторлорунун ар бири жөнүндө фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген жери (мекемесин, шаарын, өлкөсүн толугу менен көрсөтүү), илимий даражасы, илимий наамы, кызматтык же уюлдук телефондору, электрондук жана почта дареги (редакция менен байланышуу үчүн) көрсөтүлгөн маалымкат болуусу зарыл.

V. "Антиплагиат" программасы боюнча макаланы текшерет. Журналдын редакциясы макалаларды текшерүүнү өзү жүргүзөт.

Макаланын оригиналдуулугу 70%, ал эми цитаталар 30%  болушу керек.

Редакцияга келип түшкөн бардык макалалар рецензияланат. Зарыл болсо, редакция макаланы кайра иштеп чыгуу үчүн авторго кайтарышы мүмкүн. Статьянын келип түшкөн датасы болуп, редакция анын акыркы вариантын алган дата эсептелет. Редакция макаланын текстине маанисин бурмалабаган редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн укугун өзүнө калтырат.

Редакцияга макаланын электрондук версиясын басып чыгарууга толук ылайык келтирүү керек. Таблицаларда, сүрөттөрдө, формулаларда символдорду, белгилерди белгилөөдө айырмачылыктар болбоого тийиш. Сүрөттөр ачык, таза болушу керек. Тексттеги сүрөттөргө жана таблицаларга шилтемелер болушу керек.

Иллюстрациялык материал:

а) таблицалар аталышы керек жана так белгиленген графаларды камтышы керек;

б) сүрөттөргө жана таблицаларга шилтемелер текстте тиешелүү жерлерде көрсөтүлөт

г) ар бир сүрөттө же графикте комментарий болушу керек.

Редколлегия макаланы илимий жана адабий редакциялоо укугун өзүнө калтырат. Кол жазмалар кайтарылбайт. Таризделиши, көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген макалалар жарыялоого кабыл алынбайт.

Журналдагы макалалардын жарыяланышы редколлегия автор белгилеген жоболорду бөлүштүрөрүн тастыктайт. Зарыл болгон учурларда, редколлегия комментарий түрүндө маселе боюнча өз көз карашын билдирүү укугун өзүнө калтырат.

Илимий басылмаларда автордук укуктар так сакталышы керек. Өзүн автордук жамаатка жетиштүү негизсиз киргизүү кесиптик этиканын принциптерин бузуу болуп саналат.

Кол жазмалар журналдын редакциясына төмөнкү дарегине жиберилет:

Кыргыз Республикасы Жалал-Абад ш., Т.Байзаков пр. 23

Сурап-билүү телефону:

Тел: (996-3722) 5-59-68, (996)554250788

          Электрондук дарек: jagunauka@rambler.ru

сайт: jagu.edu.k