“SCOPUS” МААЛЫМАТ БАЗАСЫ МЕНЕН ИШТЕШҮҮ
Кыргыз Республикасынын өкмөтү илимди өнүктүрүүгө жана анын натыйжаларын өлкөнү өнүктүрүүгө пайдалануу максатында акыркы мезгилде илимге байланыштуу көптөгөн жаңы мыйзамдарды кабыл алды. Мамлекеттин мындай алгылыктуу саясатын Кыргызстандын бардык жогорку жайлары колдоп, илимди өнүктүрүүнүн жолдорун катуулап издей башташты. Ушундай максаттын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети дүйнөлүк илим чөйрөсүнө интеграциясын күчөтүү максатында “Scopus” маалымат базасы менен иштешүү үчүн меморандум түзгөндүгүнө байланыштуу Илим, магистратура аспирантура жана докторантура бөлүмү бир катар илимий иш-чараларды өткөрүүнү белгилеп иш графигин түзгөн. Ушул иш-чаралардын алкагында 2024-жылдын 6-февралынан, 13-мартка чейин ЖАМУнун профессордук –окутуучулук жамаатына Эл аралык илимий-метрикалык Scopus маалымат базаларынан илимий макалаларды жана журналдарды издөө” деген темада илимий семинарды ЖАМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору т.и.к., доцент Куваков С.Ж. өтүп берди жана Kыргызстандагы Улуттук H-index Ranking топко жана Google Scholar платформаларына каттоо жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын алкагындагы илимий семинарлар, университеттин профессорлору тарабынан окуу жылдын аягына чейин уланмакчы.