АКШнын Миссури университетиндеги иш сапар тууралуу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Илим бөлүмүнүн башчысы э.и.к., доценттин м.а. Жороева А.М. 2025-жылдын 15-сентябрынан 3-октябрь күндөрү АКШнын Колумбия шаарында жайгашкан Миссури университетинде (University of Missouri, Columbia) академиялык мобилдүүлүк жана квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында иш сапарда болду.
Жороева А.М.-Миссури университетинин Экономика багытындагы 2- курстун студенттери үчүн «Кыргызстанда “жашыл” экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» аттуу лекция окуду. Лекциянын максаты — Кыргызстандагы “жашыл” экономиканын өнүгүү концепциясы, туруктуу өнүгүүнүн принциптери жана экологиялык реформалардын илимий негиздери менен студенттерди тааныштыруу болду.
Бул иш сапар ЖАМУ менен Миссури университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде уюштурулуп, жогорку билим берүүнүн эл аралык тажрыйбасын өздөштүрүү, илимий байланыштарды өнүктүрүү жана профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик компетенцияларын арттыруу максатын көздөдү.
Иш сапардын негизги максаттары жана жыйынтыктары:
1. Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча беш жылдык планды түзүү. ЖАМУ менен Миссури университетинин ортосундагы өнөктөштүктү узак мөөнөткө чыңдоо максатында 2025–2030-жылдарга карата эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү планы иштелип чыкты. План академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий долбоорлор, кош диплом берүүчү программаларды иштеп чыгуу жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу багыттарын камтыйт.
2. Борбордук Азия илимий изилдөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышуу. Сапардын алкагында Миссури университетинин Азияны изилдөө борбору (Center for Asian Studies) жана Эл аралык окутуу институту (International Institute of Missouri) менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгү болду. Бул таанышуу Борбордук Азиядагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана академиялык кызматташтыкты кеңейтүү багытында маанилүү тажрыйба берди.
3. Эл аралык илимпоздор жана жетекчилер менен тажрыйба алмашуу. Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү профессорлор жана университеттик жетекчилер менен жолугушуулар өткөрүлдү:
- Мэри Стегмайер (Mary Stegmaier) — эл аралык программалар боюнча проректор, Эл аралык борбордун директору жана Трумэн атындагы мамлекеттик башкаруу жана коомдук иштер мектебинин профессору;
- Паулина Браудер (Paulina Browder) — чет өлкөдө окуу жана эл аралык өнөктөштүктөр боюнча директор;
- Вайрам Аруначалам (Vairam Arunachalam) — Бухгалтердик эсеп мектебинин өнөктөштүк жана байланыштар боюнча декандын орун басары, профессор;
- Сан Ким (Sang Kim) — Азияны изилдөө борборунун жана Миссури университетинин Эл аралык окутуу институтунун директору;
- Дэвид Карри (David Curry) — эл аралык кызматтар боюнча улук кеңешчи;
- Сайкал Ибраимова — Кыргызстандын Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар боюнча директору, Fulbright программасынын стипендиаты.
Жолугушууларда эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты институционалдык деңгээлде чыңдоо, биргелешкен илимий долбоорлорду жана академиялык алмашуу программаларын ишке ашыруу боюнча талкуулар жүргүзүлдү.
Жыйынтык:
Бул иш сапар өзүнүн мазмуну жана жыйынтыктары боюнча өтө жемиштүү жана натыйжалуу болду. Ал ЖАМУнун эл аралык өнөктөштүктөгү позициясын чыңдоого, академиялык жана илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү мейкиндигинин интеграциясын тереңдетүүгө өбөлгө түздү.
Сапардын жыйынтыгында эки университеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлүп, келечекте биргелешкен билим берүү программаларын жана эл аралык изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.