БАРПЫ АПЫЗДЫ ЭМИ БҮТ ДҮЙНӨ ТААНЫЙ БАШТАЙТ...
Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде залкар акын, даркан талант Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган “Барпы Алыкуловдун чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жана төкмөлүк өнөрдүн маселелери” аталыштагы Эл аралык илимий практикалык конференция - Түрксой Эл аралык уюму, КРнын илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте өткөрүлдү.
Конференцияда КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - А.Т.Сыргабаев, Түрксойдун Баш катчысы – С.А.Раев, КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары А.А.Аскарова жана КРнын илимдер академиясынан келишкен С.Кайыпов баш болгон окумуштуулар катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү, илимий докладдарды жасашты. Конференцияны ЖАМУнун ректору, профессор К.Ж.Усенов алып барды. Пленардык отурумда: КРУИАнын А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, т.и.д., профессор С.Т.Кайыпов “Барпы Алыкуловдун чыгармаларын жаңыча изилдөөнүн маселелери”, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессору, ф.и.д. Т.К.Сыдыкова “Барпы акындын поэтикалык тили”, КРУИАнын А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык изилдөөлөр институтунун директору, ф.и.д., профессор Нур Саралаев “Барпынын чыгармалары дүйнөлүк философиянын контексинде”, КРУИАнын А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык изилдөөлөр институтунун бөлүм башчысы, и.и.д. профессор Р.А.Аманова “Кыргыздын салттуу музыкасындагы Барпы Алыкуловдун орду”, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен ф.и.д, проф.милд.атк. К.Б.Калчакеев “Барпы акын жана Түмөнбай Байзаковдун адабий ишмердүүлүгү” аталыштагы докладдар окулду. Ал эми КРнын Эл артисти Роза Аманова “Кыргыздын салттуу музыкасындагы Барпы Алыкуловдун орду” аталыштагы өзүнүн докладында ушул багытта Барпынын орду аныктала электигин күйүп-бышуу менен айтып,
Түрксойдун Баш катчысы – С.А.Раевдин конференциянын башында сүйлөгөн сөзүндө: Барпынын чыгармаларынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуу менен анын ырларындагы ойлорунун омоктуулугу, философиялуулугу дүйнөгө абдан белгилүү Чыгыш акындарынан эч калышпайт. Болгону биз аны дүйнөгө тааныта албай жатабыз, ошондуктан, Түрксой Эл аралык уюму ушул ишти колго алууну чечти. Үстүбүздөгү жылды “Барпы атындагы жыл” деп атоо жана анын алкагында өтүп жаткан бул иш-чаралар иштин башталышы гана – деп, уюмдун алдындагы Барпыны даңазалоо боюнча план-программасын айтып өттү.
Пленардык жана секциялык отурумдарда окумуштуулар Барпынын чыгармачылыгынын ар түрдүү аспекттери боюнча кеңири сөз кылышты. Мисалы, Барпы акындын поэтикалык тилин изилдеген ф.и.д. Т.К.Сыдыкова аны Барпынын чыгармачылыгына багыттап “тилдин кени Барпыда, сен кыйын болсоң Барпынын тилин изилде” деген Бүбүйна Орузбаева баш болгон аттуу-баштуу окумуштуулар болгондугун эскерип өттү. Барпынын тилиндеги “эбегейсиз кыпкызыл байлык” жөнүндө К.Карасаев дайыма айтчу: “Барпынын ырларын жаздыгымдын алдына жаздап окуп жүрдүм” дечү. Ал эми философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев: Барпынын көз карашы теңирчилик принциптерине туура келери тууралуу айтса, профессор А.Эшиев “Барпынын ырларында айтылган төрт такилет” бул, европалык жана Чыгыш философторунун дүйнө курулушунун башында турган төрт элементке буруу-терүүсү жок туура келери жөнүндө кеп кылды.
Конференциянын аягында, резолюция кабыл алынып, анда, Барпынын ырларын башка тилдерге, анын ичинде англис тилине которуу иши колго алынууга тийиш экендиги өзгөчө белгиленди.