Мамлекеттик практика ийгилик

Экономика-юридикалык колледжинин укук таануу адистигинин УТк-2-22 жана УТк-3-22 тайпаларынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 2025-жылдын 17- февралынан 5-апрелине чейин мамлекеттик практикада болушат.
Мамлекеттик практикасына жөнөтүү конференциясы уюштурулуп, конференцияга экономика-юридикалык колледжинин директору А.Б.Карбекова, экономика-юридикалык колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера башчысы Н.А.Айылчиева ошондой эле практика жетекчилери катышты. Конференцияда студенттерге жолдо жүрүүнүн жана техникалык коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүп, жол карта боюнча маалыматтар айтылды.