- Колледждер
- Экономика-юридикалык колледж
- Укук таануу ПЦКсы
Укук таануу ПЦКсы
Мугалим
Телефон:
779 900 501Email:
jburul@mail.ruТуулган күн:
May 01, 1988
Каттоо:
30.11.2023
Акыркы сапар:
9 месяцев назад
Резюме:
Жүктөп алуу Резюме030503 Укук таануу адистигинин окутуунун
Күтүлүүчү натыйжалар: 1.Өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштура билүү, кесиптикке тийиштүү маселелерди чечүүдө ыкмаларды жана аткаруу жолдорун тандай билүү, алардын сапатын, натыйжасын баалай билүү, стандарттуу жана стандарттуу эмес жагдайларда көйгөйлөрдү чече билүү, чечимдерди кабыл ала билүү, демилгени көтөрө билүү, жоопкерчиликтүү болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 2. Профессионалдык иштин өнүккөн укуктук аң-сезим, укуктук ой жана укуктук маданияттык негизинде иш жүзүнө ашыруу, мыйзамга так ылайык чечим кабыл алуу жана юридикалык иш-аракеттерде жасоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар:3. Профессионалдуу ишинде ченемдик укуктук актыларды колдонуу, материалдык жана процессуалдык укук нормаларын жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 4. Юридикалык иш кагаздарды даярдоо ыкмаларын колдоно билүү жана белгилүү анык болгон фактыларды жана башка жагдайларды юридикалык жактан туура квалификациялоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 5. Юридикалык жана башка иш кагаздарында кесиптик ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын туура жана толук чагылдыруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 6. Кылмыш жана башка укук бузууларды ачуу, аныктоо, токтотуу, болтурбоо жана аларды тергөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 7. Конкреттүү түрдөгү юридикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө ар кандай укук ченемдүү актыларды маанисин терең түшүнүү жана тажрыйбалуу юридикалык кеңештерди берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 8. Укук ченемдүү актылардын долбоорун, юридикалык экспертизанын корутундуларын, анын ичинде аларда аныкталган жемкордук көрүнүштөрдүн келип чыгышына шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн жагдайларды чечмелөө, түшүндүрүп берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
Күтүлүүчү натыйжалар: 9. Укук бузуулардын алдын алуу, иш жүзүнө ашыруу, аларды ачуу жана аларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерин жана шарттарын четтетүү, жемкордуулук жоруктарга баа берүү, аларга бөгөт коюуга жардам берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу.
Кесипке багыт берүү
«Укук таануу» адистиги ар дайым актуалдуу, себеби коомдук мамилелер укуктук нормалар менен жөнгө салынат, ошондуктан укуктук мамлекетти курууда укуктук сабатсыздыкты жоюу зарыл. Укук таануу адистигин бүтүрүүчүлөрү укук коргоо жана сот системасында иштей алат.
Биздин студенттер орто кесиптик адистикке ээ болсо дагы район, шаарлардын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө.
ЭМНЕ ҮЧҮН БИЗ ИШЕНИЧТҮҮБҮЗ!
1.Биз МАМЛЕКЕТТИК билим берүүчү окуу жайбыз, демек ИШЕНИМДҮҮЛҮК бизде!
2. Бизде тажрыйбалуу, күчтүү адвокат окутуучулар тобу эмгектенет, демек бизде САПАТТУУ билим бар!
3. Биз республика боюнча юридикалык клиника иштеген жалгыз колледжбиз, демек биз АЛДЫДАБЫЗ!
4. Биздин бүтүрүүчүлөр колледжди аяктаганга чейин жумушка орношушат, демек, биз ИЙГИЛИКТҮҮБҮЗ!
5. Эң негизгиси - БИЗ БАЛДАРДЫ жакшы көрөбүз, ошондуктан болгон жакшы сапаттарды үйрөтүүгө умтулабыз!
Студенттин турмушунан
Биз сиздерди күтөбүз!
Урматтуу абитуриент!
Биз сиздин кесип тандоодо максатыңызды аныктап, ага жетүүгө туура багыт бермекчибиз.
030505 Укук таануу адистиги (Квалификация: юрист)
Окуу мөөнөтү:
9 база 2 жыл 10 ай;
11 база 1 жыл 10 ай;