ОКУУ-ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖҮРҮШҮ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде 2023-2024 окуу жылынын графигине ылайык экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы, салык салуу, социалдык иш жана укук таануу адистигинин 2-курсунун студенттери окуу -таанышуу практикасына чыгышып, учурда Жалал-Абад шаарындагы мекеме , ишканаларда практика өтөп жатышат.
ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.Айылчиева жана практика жетекчилери мекеме, ишканаларга барып студент-практиканттар менен жолугуп, практиканын жүрүшү боюнча пикир алмашып, күндөлүк жазууга жана жол карта менен иштөөгө багыт берип келишти. Мекеме, ишканалардагы өндүрүш жетекчилери студент-практиканттар менен тыгыз байланышта болуп жол картанын негизинде практиканын жүрүшү боюнча практиканттарга жардам беришти.