КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЕСИПКЕ КАДАМ
2023-жылдын 12-апрелинде ЭЮКтун 2-курсунун студенттери үчүн окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыгы боюнча өндүрүштө тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун максаты колледждин жана Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо, миграция жана Социалдык Фонд башкармалыгы менен байланышты бекемдөө. Тегерек столдун катышуучулары практика өтөө мекемелеринин жетекчилери, практика жетекчиси А.А. Ташматова жана 040101 Социалдык иш адистигинин 2-курсунун студенттери болушту. Тегерек столдун биринчи бөлүгүндө Жалал-Абад шаардык Социалдык Фонд башкармалыгынын башчысы Э.Шаимкулова куттуктоо сөз сүйлөдү. (өндүрүштөн практиканын жетекчиси). ЭЮКтун Социалдык иш адистигинин практика жетекчиси А.А.Ташматова практиканвы уюштуруу жөнүндө айтып, студенттердин практикалык даярдыгы окуу процессинде алган кесиптик билимдерин кеңейтүүгө жана бекемдөөгө, өз алдынча иштерди жүргүзүүдө практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталгандыгын түшүндүрдү. Тегерек столдун биринчи бөлүгүндө студенттер да өз таасирлери менен бөлүшүштү. Практиканын мезгилинде алар жол карта менен иштеп, жалпы ишмердүүлүк менен таанышышты. Студенттер практика өтөө боюнча ой-пикир жана каалоо-тилектерин айтышып, мындан ары да өз кесиби боюнча ишке орношуу ниетин айтышты. Тегерек столдун экинчи бөлүгүндө Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Н.А.Жакыпова жолугушуунун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылды. Айнагуль Акылбековна өндүрүш жетекчилерине колледждин студенттери үчүн практиканы уюштурууга жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар квалификациялуу кадрларга өзгөчө муктаждык бар экенин белгилешти, чечим катары окуу процессин практикалык иштерди уюштурууда, өндүрүш шарттарына максималдуу жакындыкты эске алуу менен көмөк көрсөтүү сунушталды. Жолугушууда иш берүүчүлөр менен окуу пландарынын ичиндеги айрым сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөрүүлөр жана кошумчалар талкууланды. Келечекте мыкты адистерди даярдоодо кандай компетенциялардын үстүндө иштөө керек жана башка ушул сыяктуу маселелер тууралуу ой бөлүшүп жолугушуу максатына жетти.