12-АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК КОСМОНАВТИКА КҮНҮ
Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинин ЖББ ПЦКсынын физика дисциплинасынын окутуучусу Г.М.Барпиева 12-апрель эл аралык космонавтика күнүнө карата "Космоско саякат" -деген темада ачык көргөзмөлүү сабак өттү.Сабактын негизги максаты студенттердин космос мейкиндиги жана космонавттар жөнүндө маалымат алышып, жаратылыш жана анын кубулуштарын адам жашоосуна пайда алып келээрин билишип, критикалык жана чыгармачылык ой жүгүртүүлөрү өстүрүшөт. Сабакта космос, планеталар, космонавтар жөнүндө кенири маалымат берилип, студент тарабынан доклад окулду. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жасалган күн системасынын макеттерин, өздөрү жазган ырларды, табышмактарды, кызыктуу маалыматтарды айтышып, сабака кызыгуу менен катышты. Сабактын жыйынтыгында мыкты макет жасаган студенттер дипломдор менен сыйланышты.