1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

229

МЕНИН КЕСИБИМ-БУХГАЛТЕР

       2024-жылдын 3- апрелде Ош технологиялык университетинде  бухгалтерлердин эл аралык күнүнө карата аймактар аралык колледждердин  арасында “Менин кесибим – бухгалтер “ аттуу конкурс болуп өттү. Конкуруска   ОшМУ  ФЮК, ЖАМУ ЭЮК, ОшТУ ГТК, КУУ г. Ош,Кооп.Проф.К.,Өзгөн Институтунун студенттери катышышты. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика жана юридикалык колледжинин директору Карбекова Азиза Баймаматовна, экономика ПЦКсынын  жетекчиси    Ахмедова Зулфия Махаматаминовна, экономика жана бухгалтердик эсеп  адистиги боюнча окутуучу Айдарбекова  Анарбу Жоконовнанын жетекчилиги менен экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин студенттери  Орузбеков Самат, Турдалиева Мерида, Закиров Нурсултан, Тажибаева Альбина,  Нарынбек уулу Элмирбек жана  Авазбекова Бегайым катышты. Конкурстун жүрүшүндө берилген тапшырмалардын негизинде ЭЮКтун студенттери өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөттү. Студенттер саламдашуу, эссени презентациялоо боюнча мыкты жооп берди .Кахут программасы боюнча Закиров Нурсултан берилген суроолорду эң жогорку даражада жооп берип "Мыкты капитан команда"-деген диплом алды . Конкурстун жыйынтыгында ЭЮКтун студенттери жалпы 6 команданын ичинен III-орунга ээ болушту.