1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 часов назад

4

Жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

Студенттердин ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын калыптандыруу максатында «Жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу» темасында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери А. Абдырахманова катышып, студенттерге оорулардын келип чыгуу себептери, алдын алуу жолдору жана ден соолукту сактоонун маанилүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушууда жеке гигиенаны сактоо, колду туура жуу, туура тамактануу, дене тарбия менен машыгуу жана зыяндуу адаттардан алыс болуу боюнча пайдалуу кеңештер айтылды. Ошондой эле оорунун белгилери байкалганда өз убагында медициналык жардамга кайрылуунун зарылдыгы белгиленди.

Иш-чарага Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын ФК-3-25 тайпасынын куратору Айданек студенттери менен биргеликте катышты.

Иш-чара студенттердин ден соолукка болгон жоопкерчилигин жогорулатууга жана сергек жашоо маданиятын калыптандырууга багытталды.