1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 часов назад

3

«Иш кагаздары жана алардын туура колдонулушу»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексине караштуу Экономика жана укук колледжинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү маданиятын калыптандыруу максатында «Иш кагаздары жана алардын туура колдонулушу» аттуу семинар уюштурулду.

Семинарды Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ү. Т. Кайкиева өткөрдү. Иш-чарага Экономика жана укук колледжинин окутуучулары жана 1–2-курстардын тайпа башчылары катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги эрежелери, аларды туура толтуруунун тартиби жана иш кагаздарынын милдеттүү реквизиттери менен таанышышты. Ошондой эле расмий документтерди талапка ылайык даярдоонун жана иш кагаздарын туура колдонуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жалпы маалыматка ээ болуп, расмий документтерди сабаттуу жана туура даярдоо боюнча билимдерин кеңейтишти.

Мындай семинарлар мамлекеттик тилде иш кагаздарын туура жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, документтердин сапатын жогорулатууга жана расмий иш кагаздарын жүргүзүү маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.