1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

10

Карыларга камкордук

         1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары социалдык иш адистигинин студенттери менен биргеликте шаарда жалгыз жашаган ападан кабар алып, ага майрамдык маанай тартуулашты.

         Иш-чаранын жүрүшүндө жалгыз бой апага азык-түлүк жана керектүү белектер тапшырылып, жылуу каалоо-тилектер айтылды.

Иш-чаранын максаты — улуу муундун өкүлдөрүнө урмат-сый көрсөтүү, камкордук кылуу жана студенттердин боорукерлик, адамгерчилик жана социалдык жоопкерчилик сапаттарын калыптандыруу.