1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

47

Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар боюнча конок лекция өткөрүлдү

ЭУКта «Каржы» адистигинин студенттери үчүн «Кесиптик ишмердүүлүктөгү жасалма интеллект жана санариптик технологиялар» дисциплинасынын алкагында жумуш ордунда окутуунун форматына ылайык конок лекция өткөрүлдү.

Лекцияны жасалма интеллект боюнча окутуучу Тагайкулов Темирлан Азимбекович өткөрдү. Ал Алтай мамлекеттик университетин бүтүргөн адис катары студенттерге жасалма интеллекттин заманбап мүмкүнчүлүктөрү, санариптик технологиялардын кесиптик ишмердүүлүктө колдонулушу жана финансылык чөйрөдөгү мааниси тууралуу маалымат берди.

Иш-чара дисциплинанын окутуучусу Жунусова Мээримдин демилгеси менен уюштурулуп, студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга багытталды.

Конок лекция студенттердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү заманбап билимдерди өздөштүрүүсүнө өбөлгө түздү.