1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

30

«Мыйзам менен дос бол»

2026-жылдын 29-сентябрында Экономика-укук колледжинде 1-курстун студенттери менен Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — милициянын улук лейтенанты Бектемиров Э., милициянын кенже лейтенанты Мамытов А., ошондой эле жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектор, милициянын улук лейтенанты Эгемназаров Б. катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — жашы жете электер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле коомдук жайларда тартипти сактоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөө.

Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери студенттерге мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү, коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери, укук бузууларды жана кылмыштарды жасаган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууну уюштуруучулар:

Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия жетекчиси Карыбаев С., АЧД мугалимдери Умаров А. жана Алымжан уулу Ж.