1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

24

БИЙ — КЫЙМЫЛ, МАДАНИЯТ ЖАНА СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ

2026–2027-окуу жылынын башталышы менен окуу жайыбыздын студенттери үчүн чыгармачылыкка, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана өзүн өнүктүрүүгө жол ачкан дагы бир жагымдуу жаңылык!

Студенттерибиз менен жолугушуп, аларды бий өнөрүнө кызыктыруу максатында ЖАМУнун хореография мектебинин жетекчиси, педагог-хореограф Шаимкулов Ырысбай Абдуллаевич өзү келип, жаштарды бий ийримине чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тажрыйбалуу педагог бийдин адам жашоосундагы маанисине өзгөчө токтолуп, бий — бул жөн гана көркөм өнөр эмес, ал кыймыл, дене маданияты, ден соолук жана сергек жашоо образынын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.

Бий менен алектенүү — денени чыңдоо менен бирге адамдын өзүнө болгон ишенимин арттырып, чыгармачылык жөндөмүн өстүрүп, сахна маданиятын жана эстетикалык табитин калыптандырууга өбөлгө түзөрүн айтты.Ал эми студенттик курак — жаңы өнөрлөрдү үйрөнүп, өз талантын ачууга эң сонун мезгил экендигин баса белгиледи.

Ошону менен бирге бардык колледждин студенттерин бий дүйнөсүнө кадам таштап, өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө чакырды!

БИЙ ИЙРИМИНИН ӨТҮҮ УБАКТЫСЫ:

📅 Дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү

🌅 Биринчи смена: 09:00–11:00

🌇 Экинчи смена: 13:00–16:00

📍 Дареги: ЖАМУнун бий залы